• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Чет өлкөдөн аткезчилик жол менен алынган унаа аныкталды

👁 586

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан аныкталган коррупциялык схеманын алкагында «Инфинити FX50S» үлгүсүндөгү автоунаа аткезчилик жол менен алынып келгени аныкталды.

Буга чейин кымбат баадагы унааларды Кыргызстандын аймагына алып келүү боюнча коррупциялык схема аныкталган болчу. Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин бөлүмүнүн кызматкерлери кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланганы аныкталган.

2016-жылдын февраль айында аталган депертаменттин Бишкек шаары боюнча жооптуу адистери тарабынан «Инфинити FX50S» унаасы Кыргызстандын жаранына катталган. Андан кийин ага мамлекеттик номур жана транспорт каражатын каттагандыгы тууралуу күбөлүк берилген.

Аталган унаа Белоруссиянын ИИМнин каттосунан чыгарылганы тууралуу документтин негизинде М.Т. атуу жаранга кайра катталган. Бирок аталган өлкөнүн жообуна караганда унаа каттоодон алынган эмес.

Мамлекеттик Бажы кызматынын эсептөөсү боюнча 2008-жылы чыккан «Инфинити FX50S» унаасын каттоо 800 миң сомдон ашык каражатты түзөт.

Топтолгон материалдардын негизинде Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексиндеги 304-берене (кызматтык абалын кыянатттык менен пайдалануу, 204-берене (контрабанда) жана 350-берененин (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) негизинде кылмыш иш козгоду.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости