Административдик жоопкерчилик тууралуу Кодекске өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык, товарларда же прейскурсанттарда баалар сом менен көргөзүлбөсө жарандык жактарга 30, кызматтык жактарга 150 эсеп көрсөткүчүндө айып пул салынат.
Эгерде бир жыл ичинде баалар чет элдик валютада көрсөтүлсө анда физикалык жактар үчүн 50, кызматтык адамдар үчүн 180 эсеп көрсөткүчүндө айып пул салынат.
Эрежеге ылайык, буга чейин сатууга коюлган лоттор чет элдик валютада көрсөтүлчү.
Мыйзамдарга кол коюлушу деле баа саясатына таасир бербейт. Бул физикалык жактар сом менен сатуу жана сатып алуу жүргүзүшкөнү менен аны эсептөөдө доллардын курсуна жараша иш жасашат.