Октябрдын эң акыркы күнү Жогорку Кеңеш баардык Кыргызстанга келген чет элдик жарандар үчүн (Россиянын жарандарынан башка) 5 күндүн ичинде каттоого турууну милдеттендирген мыйзам кабыл алынды. Алгач мындай норма мыйзам долбоорунда болгон эмес: аны экинчи окууда Коргоо кеңешинин сунушу менен кошуп коюшту.
Эми баардык чет элдик жарандар өздөрүнүн «факт түрүндөгү жашаган жеринде» Калкты жана жарандык актыларды каттоонун жергиликтүү органына катталыш керек.
ЭКОНОМИКА эмне үчүн мындай мыйзам кабыл алынгандыгын түшүнөт: өлкөнүн күч органдары Президенттин алдында террорчулукту ооздуктоо чаралары боюнча отчет берүүнү өтө каалашат. Бирок биз бул өтө зыяндуу мыйзам деп эсептейбиз.
Биринчиден, ал эч качан террорчулук менен күрөшүүгө жардам бере албайт. Болгону террорчулар эч качан катталбайт. Ал эми документтерди текшергенде милициялардын оозун басыш үчүн 500 сомдон берип коюшат.
Экинчиден, көпчүлүк биздин өлкөгө учуп келген чет элдиктерде туруктуу «жашаган жери» жок. Алар мамлекеттин ичинде машина же велосипед менен жүрүшүп, жөө саякаттарга чыгышат же тоолорду, жер жерлерди кыдырышат. Кыргызстандын баардык кооз табиятын ушинтип гана таанып билсе болот. Демек, алар каерге катталыш керек? Эгер Бишкекте катталган болсо, Нарындын милициясына эмне деп айтыш керек?
Үчүнчүдөн, өтө көп туристтер Кыргызстанга «тур» сатып албастан жөнөшөт же туристтик агенттиктин жардамысыз эле өздөрү келишет. Алар жеке менчик үйлөргө, чакан мейманканаларга түнөшөт. Аларга ким катталууга жардам берет? Алар кайда барышы керек? Кай жерге кезекке туруш керек? Бир да чет тилди билбеген чиновниктер менен кантип сүйлөшүү керек? Бул туристтин канча убактысын алат?
Бул мыйзамдан пайда тапкан жалгыз тарап, бул чиновниктер. Милиция болсо каттоону текшерип, мыйзамды билбеген чет элдикти камай тургандыгын айтып коркутуп, акчасын шыпырат. Депутаттар ушуну каалашты беле? Милиция кызматынын Ысык-Көлдөгү жана башка туристтик жайлардагы баасын көтөрүш үчүнбү?
ЭКОНОМИКА бул мыйзам Кыргызстанга өтө зыяндуу деп эсептейт. Террорчулук менен күч органдарына жаңы «жем акырды» ачпастан, агентуралык жумушту күчөтүп күрөшүү керек.
2016-жылы жай мезгилинде Ысык-Көлдө көптөгөн конок үйлөрдүн ээлери «Көчмөндөр оюнуна» жолду шашылыш оңдоодон зыян тартышты. Алар эми 2017-жылы акча иштеп табабыз деп үмүт артып отурушат. Бул ишке ашар бекен? Ал тургай бул мыйзамды билбей туруп чет элдиктер келерки эс алуу маалында келгендер – алар кийин да кайра келишер бекен – жергиликтүү милиционерлер «кагаз» жоктугу үчүн тоногондон кийин? ЭКОНОМИКА бул мыйзам 2017-жылдын май айынан кечикпестен өзгөртүлүш керек деп эсептейт. Ансыз биз туристтерден такыр эле куржалак калу коркунучунда турабыз.