• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Чек арадагы кызыл кулактык

kuryi-i-yaytsa-3

👁 1,383

Кыргызстандагы күйүүчү майга болгон баа эч кимди таң калтырбайт, бирок Кыргызстанга чектеш аймактардагы баалардын жогорулоосу ойлондурбай койбойт.

Мисалы, Андижанда жана ага жакын жайгашкан аймактарда күйүүчү майга болгон баа өскөн, бирок буга карабастан май куюучу жайларда бензин жок. Күйүүчү майга болгон бир чакырымга чейин созулган узун кезектер өзбекстандык айдоочуларды аткезчилердин кызматтарынан пайдаланууга түртүүдө.

Жеке айдоочулар бензинди жергиликтүү кызыл кулактардан литрин 4,5 миң сумдан (0,5 доллардан жогору) баага сатып алууга мажбур болушууда.

Андижан облусунун май куюучу жайларынын өкүлдөрү жергиликтүү айдоочуларга бензиндин тартыштыгы базада аларга аз өлчөмдөгү күйүүчү май берип жатканына байланыштуу экендигин айтышкан. AutoServis май куюучу жайынын кызматкери белгилегендей, жакынкы күндөрдө бензин жок болот жана газга өтүү кажет.

Газды бензиндин ордуна колдонууга акыркы убакта кыргыз автосүйүүчүлөрү өтө аштаган. Бирок бул дагы маселени чечпейт. Себеби Андижан облусунда көгүлтүр отту алып жатышканы менен Өзбекстанда газ дагы жок.

“Биз газга өтүүгө даярбыз, бирок ал да сатыкта жок да. Жакында жөө жүрүп калабыз го”,-деди Андижандагы айдоочулардын бири.

Акыркы жылдары бензиндин тартыштыгы Өзбекстанда кадимки көрүнүшкө айланды. «Узнефтмахсулот» АКсынын өкүлдөрү бензиндин тартыштыгын майга болгон талаптын жогору болгону менен түшүндүрүп келет.

“Күйүүчү майга болгон талап унаалардын көбөйгөнүнө байланыштуу болууда. Белгилүү болгондой, Өзбекстанда унааны биргелешип чыгаруу жүрүп жатат. Корея-өзбек унаа заводу 30 миң унаа чыгарат. Инкубатордогудай эле. Жыл сайын Өзбекстанда унаанын саны жарым миллионго көбөйүүдө. Бул унаалардын айдоочуларынын баары бензин сатып алышкандыктан ал тартыш болууда. Май ченелип берилет”,-деди компаниянын өкүлү.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости