Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев 15-октябрда президенттик шайлоодо добуш берип чыгып билдирди.
Мамлекет башчысы Казакстан буга чейин чек арага чектөөнү шайлоого карата киргизгенин билдиргенин эске салды.
10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын өтүшү кыйынга туруп, узун кезек пайда болгон. Казак тараптан текшерүү күчөп, жарандар бир нече сааттап кезек күтүшкөн. Жергиликтүү бийлик чек арадан алыс эмес жерге чатыр тигип, ысык тамак уюштурган.
Казак тарап болсо бул маселе боюнча азырынча сүйлөшүүлөр болору же болбостугу тууралуу үн ката элек.