• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Чакан капиталы бар инвестициялар

kassplan

👁 1,321

Кыймылсыз мүлккө салынган инвестициялар тууралуу сүйлөшөлү. Негизи бул үчүн аз дегенде бир нече миллионуң болушу керек. Бирок айрым инвестициялар 300–500 миң сомуң болсо деле жеткиликтүү.
  1. REIT-фонддорго акча салуу. REITINVESTке 5 миң долларың болсо инвестиция салсаң болот. Тобокелчилик жок, ал эми киреше жылына 6%.
  2. Биргелешип инвестиция салуу. Кыймылсыз мулк алуу үчүн өнөктөш табуу капиталы көп болбогон инвесторлор үчүн эң мыкты вариант. Соттук териштирүүлөрдүн алдын алуу үчүн документтерди туура жана так толтуруу зарыл. Анда ар бир катышуучунун кошкон салымы жана анын таба турчу пайдасы даана жазылышы керек.
  3. Ипотекалык насыя. 300–500 миң сом капитал кыймылсыз мүлк алуу үчүн алгачкы сумма болуп бере алат. Бул вариантты тандоодо бул турак-жай ипотекалык насыянын пайыздарын, комиссияларын актайбы же жокпу эсептеп чыгуу зарыл.

Кыймылсыз мүлккө салынган инвестициялардын жардамы менен кантип көп киреше тапса болот?

Турак-жайды же коммерциялык мекемени пайда алып келе турганда кылып сатып алуу үчүн билим керек.

Инвестиция салууда пайда алып келүүчү бир нече текшерилген жолдор бар:

    • - диверсификация – тобокелчиликтерди азайтуу үчүн бир нече мекемеге инвестиция салуу керек (мисалы, капиталдын 50%ын REIT-фонддорго, калган 50%ына курулуп жаткан үйдөн батир алып коюу керек).
    • - кайра пландоо – имаратты кайра пландап жасап чыгуу анын баасынын 10–25%га жогорулоосуна шарт түзөт. (сөзсүз түрдө айрым долбоорлор боюнча макулдашуу алуу керек: мисалы, дубалдарды урата турган болсоңуз).
    • - сапаттуу оңдоп-түзөө – кыймылсыз мүлктү сатып алып аны оңдоп-түзөөдөн өткөрүп баасын 10–20% жогору сатсаңыз болот.
    • - кошумча имараттарды куруу – шаар четиндеги үйгө балкон, террас, мансарда сыяктуу кошумча жайларды курсаңыз болот.

Кыймылсыз мүлккө салынган инвестиция: 5 негизги кадам

Жаңы иш баштап жаткан инвесторлор кыймылсыз мүлккө инвестицияларды кантип салуу тартибин билүүсү керек.

Кирешеге болгон жол 5 кадамдан турат.

  1. Каржылык мүмкүнчүлүгүңүзду аныктап алыңыз.
Капиталыңыздын көлөмүн аныктаган соң инвестициянын кайсы түрүнө басым жасоону чечип алыңыз. Мисалы, 400 миң сомуңуз болсо анда эң туура кадам REIT-фонддор болот. Ал эми 5 млн сомуңуз болсо анда коммерциялык кыймылсыз мүлк сатып алсаңыз болот.
  1. Рынокту анализдеп чыгыңыз.
Инвестицияны кыймылсыз мүлккө салардан мурун көптөгөн факторлорду эске алуу керек: анын жайгашкан жеринен тартып ижарачылар алышабы, кайра сата аласызбы ошого чейин ойлонуңуз. Кирешени гана санабастан ага канча сумма саларыңызды жана кайра ал каражатты чыгара аласызбы эсептеп алыңыз.
  1. Риелтор керекпи же жокпу ойлонуп көрүңүз.
Кыймылсыз мулктү сатып алуу сөзсүз эле агент аркылуу болбошу керек. Биринчиден, ортомчуга комиссия төлөшүңуз керек. Экинчиден, анын масаты имаратты кандай болсо дагы сатуу экенин унутпаңыз. Риелтор сунуштаган мүлктүн баары эле сатып алуучу үчүн пайдалуу боло бербейт.
  1. Юристтин кызматынан пайдалануудан акча аябаңыз
Сатып алып жаткан кыймылсыз мүлкүңүздүн юридикалык тарыхынын таза экенине көңул буруңуз. Бул алдамчылыктын алдын алат. Мындан сырткары, юрист салык сыяктуу маселелерде дайыма кеңеш берип, документтерди туура толтурууда жардамга келет.
  1. Дароо эле киреше таба калууну күтпөңүз.

Кыймылсыз мүлккө инвестиция салууда сатып алган мүлкүңүздү жок дегенде 5 жылдан соң сатууңуз керек, себеби эрте сатсаңыз салык төлөгөндө пайда түшпөй калат. Коммерциялык долбоордун өзүн актоо мөөнөтү 6–8 жыл.

Тез киреше табам десеңиз анда REIT-фонддорго каражат салыңыз: REITINVESTте инвестиция салуунун эң аз мөөнөтү 3 жыл.

Жыйынтыктар.

Тобокелчилик жана киреше боюнча айта турган болсок анда төмөнкүдөй рейтинг түзүлөт:

1) REIT-фонддор – коопсуз, минималдуу каражат салуу менен көп киреше табуу, каражаттарды төлөп берүүдө көйгөйлөр болбойт (салык жана комиссия төлөөнүн кереги жок).

2) коммерциялык кыймылсыз мүлккө инвестиция салуу – киреше көп түшөт, тобокелчилик орточо, бирок көп каражат талап кылынат.

3) турак-жай сатып алуу – үйдү туура тандап алсаңыз анда киреше көп болот. Бирок үйдү курган компанияда көйгөйлөр болсо аны сатуу кыйынга турат.

4) чет жактан кыймылсыз мүлк алуу – өзүңүз башкара турган болсоңуз ортомчу табууңуз керек (ашыкча чыгым), алдамчылык болушу ыктымал.

5) жер үлүшүн сатып алуу – учурда көп деле киреше алып келбей эле. Сатып алган жер тилкесин каалаган бааңызга сата албай калышыңыз толук мүмкүн.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости