- REIT-фонддорго акча салуу. REITINVESTке 5 миң долларың болсо инвестиция салсаң болот. Тобокелчилик жок, ал эми киреше жылына 6%.
- Биргелешип инвестиция салуу. Кыймылсыз мулк алуу үчүн өнөктөш табуу капиталы көп болбогон инвесторлор үчүн эң мыкты вариант. Соттук териштирүүлөрдүн алдын алуу үчүн документтерди туура жана так толтуруу зарыл. Анда ар бир катышуучунун кошкон салымы жана анын таба турчу пайдасы даана жазылышы керек.
- Ипотекалык насыя. 300–500 миң сом капитал кыймылсыз мүлк алуу үчүн алгачкы сумма болуп бере алат. Бул вариантты тандоодо бул турак-жай ипотекалык насыянын пайыздарын, комиссияларын актайбы же жокпу эсептеп чыгуу зарыл.
Кыймылсыз мүлккө салынган инвестициялардын жардамы менен кантип көп киреше тапса болот?
Турак-жайды же коммерциялык мекемени пайда алып келе турганда кылып сатып алуу үчүн билим керек.
Инвестиция салууда пайда алып келүүчү бир нече текшерилген жолдор бар:
-
- - диверсификация – тобокелчиликтерди азайтуу үчүн бир нече мекемеге инвестиция салуу керек (мисалы, капиталдын 50%ын REIT-фонддорго, калган 50%ына курулуп жаткан үйдөн батир алып коюу керек).
- - кайра пландоо – имаратты кайра пландап жасап чыгуу анын баасынын 10–25%га жогорулоосуна шарт түзөт. (сөзсүз түрдө айрым долбоорлор боюнча макулдашуу алуу керек: мисалы, дубалдарды урата турган болсоңуз).
- - сапаттуу оңдоп-түзөө – кыймылсыз мүлктү сатып алып аны оңдоп-түзөөдөн өткөрүп баасын 10–20% жогору сатсаңыз болот.
- - кошумча имараттарды куруу – шаар четиндеги үйгө балкон, террас, мансарда сыяктуу кошумча жайларды курсаңыз болот.
Кыймылсыз мүлккө салынган инвестиция: 5 негизги кадам
Жаңы иш баштап жаткан инвесторлор кыймылсыз мүлккө инвестицияларды кантип салуу тартибин билүүсү керек.
Кирешеге болгон жол 5 кадамдан турат.
- Каржылык мүмкүнчүлүгүңүзду аныктап алыңыз.
- Рынокту анализдеп чыгыңыз.
- Риелтор керекпи же жокпу ойлонуп көрүңүз.
- Юристтин кызматынан пайдалануудан акча аябаңыз
- Дароо эле киреше таба калууну күтпөңүз.
Кыймылсыз мүлккө инвестиция салууда сатып алган мүлкүңүздү жок дегенде 5 жылдан соң сатууңуз керек, себеби эрте сатсаңыз салык төлөгөндө пайда түшпөй калат. Коммерциялык долбоордун өзүн актоо мөөнөтү 6–8 жыл.
Тез киреше табам десеңиз анда REIT-фонддорго каражат салыңыз: REITINVESTте инвестиция салуунун эң аз мөөнөтү 3 жыл.
Жыйынтыктар.
Тобокелчилик жана киреше боюнча айта турган болсок анда төмөнкүдөй рейтинг түзүлөт:
1) REIT-фонддор – коопсуз, минималдуу каражат салуу менен көп киреше табуу, каражаттарды төлөп берүүдө көйгөйлөр болбойт (салык жана комиссия төлөөнүн кереги жок).
2) коммерциялык кыймылсыз мүлккө инвестиция салуу – киреше көп түшөт, тобокелчилик орточо, бирок көп каражат талап кылынат.
3) турак-жай сатып алуу – үйдү туура тандап алсаңыз анда киреше көп болот. Бирок үйдү курган компанияда көйгөйлөр болсо аны сатуу кыйынга турат.
4) чет жактан кыймылсыз мүлк алуу – өзүңүз башкара турган болсоңуз ортомчу табууңуз керек (ашыкча чыгым), алдамчылык болушу ыктымал.
5) жер үлүшүн сатып алуу – учурда көп деле киреше алып келбей эле. Сатып алган жер тилкесин каалаган бааңызга сата албай калышыңыз толук мүмкүн.