Эске сала кетсек, БУУнун глобалдык фондунун эсеби боюнча Кыргызстанда кубаттуулугу 180 мегаватт болгон жана жылына 1 млрд киловатт-саат электр энергиясын иштетип чыга ала турган 87 чакан ГЭС курса болот.
Бул республикага керек болгон электр энергиясынын жарымын жаап калат. Пландарга ылайык, жок дегенде алгач 23 чакан ГЭСти калыбына келтирсе болот. Алардын кубаттуулугу 20,7 мегаватт, жылына болжол менен 90 млн киловатт-саат электр энергиясын иштетип чыга алат.
Бул маселе өкмөттө жана Жогорку Кеңеште дайыма талкууга алынып келет. Бардык саясий партиялар шайлоо алдында бул маселени көтөрүп, шайлоо алдындагы программаларына киргизишкен эле. Президент дагы бул маселеге көз салбай койгон жери жок.
Бирок чакан ГЭСтерди куруу ушунчалык жай жүрүп жатат, тагыраак айтканда такыр эле токтоп калган дагы бийлик болсо кайра калыбына келүү булактары боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө аракет кылып келишет. Ошентип мыйзамга өзгөртүү киргизүүчү башка мыйзам долбоору пайда болду. Тактап айтсак, “Кыргыз Республикасындагы кайра калыбына келүүчү энергия булактары мыйзамын өзгөртүүлөрдү киргизүү” тууралуу мыйзам долбоору.
ПРООНдун жана глобалдык фонддун долбоорлорунун алкагында биз бул тармакка инвестиция тартуу үчүн шарттарды түзүп беребиз деп милдет алганбыз. Тактап айтсак: энергиянын кайра калыбына келүүчү булактарын пайдалануу менен электр тармагы байланышуу укугуна кепилдик; иштетилип чыгарган энергияны бөлүштүрүүчү компаниялар жогорулатылган тарифте сатуусу тууралуу кепилдик жана алынып келинген жана ташылып чыккан технологиялык жабдууларга бажы төлөмүн жоюу.
Мындан кийин биздин аткаминерлер жана депутаттар инвесторлор жамгырдан кийинки козу карындай жайнайт дешкен. Күтүштү, күтүштү, бирок жыйынтык чыкпады.
Ошентип депутаттар ойлоно башташты. Анан ушул мыйзамга өзгөртүү киргизүүчү мыйзам долбоору келип чыкты. Азыркы нормативдик актылар деле инвестициялар үчүн өтө жакшы шарт түзүп берип жаткан болчу.
Ошондуктан аткаминерлерибиз “бизге эмнеге мындай мыйзам керек?” деген суроого “Өлкөнүн керектөөсүн жабуу үчүн Кыргызстанда кандай ресурстар бар” экендигин айтып жооп берип келишет.
Бул тээ алгачкы чакан ГЭСтер курула баштаганда, Кыргыз ССРинде 1930–1950-жылдары эле пайда болгон. Дал ошол маалда СССР биздин аймактагы ресурстарды иликтөө үчүн жана 150 (!!!) чакан ГЭС долбоорун түзүү үчүн атайын топ жөнөткөн. Дал ошол долбоорлордо азыркы аткаминерлер колдонуп жаткан бардык маалыматтар жана сандар жазылган. Аны болсо биздикилер өздөрүнө ыйгарып алышты. Мейли эмес. Маанилүү эмес. Эң башкысы өзгөрсө болду.
Кайра калыбына келүүчү энергия булактары бар туруп өлкө болгону 1%ын гана колдонуп жаткандыгын, акыркы жылдары электр энергиясы дефицит болуп, аны импорттоп жатканыбыз жазылган. Күн энергиясы боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы катарларда турат. Орточо эсеп менен жылына 670 млн тонна күн энергиясы келет. Ошондой эле шамал энергиясында чоң потенциал бар, 245 млн тоннага чейин энергия алса болот.
Бирок ушундай ресурстар турса дагы өлкөдө электр энергиянын дефицити 1 млр кВтсаатты түзүүдө, суунун аздыгын эске алсак 2017-жылдан тарта 2–3 млрд кВтсаат болушу ыктымал.
Дайымкыдай эле дагы жакшы мыйзамдарды жазууга аракет кылабыз, балким маселе өзүнөн-өзү чечилип калар. Эң башкысы эл аралык уюмдар грант берип коюшса…Ооба, ооба грант, насыя эмес. Анткени насыяны кайтаруу керек да, биз болсо акчалар тоо суусу менен агып же аткаминерлердин кабинетинен чыкпай калат деп кепилдик бере албайбыз.