Өкмөттүн «Текстилдик жана тигүү өндүрүшү үчүн Технополис» долбоорун талкуулоо боюнча жумушчу кеңешмеси болду.
Технополисы в Чуйской области для швейников начнут строиться весной.
“Технополистин түзүлүшү 15 миңге жакын жумушчу орундун түзүлүшүнө мүмкүндүк берет”,-деди министр С. Жээнбеков.
“Текстилдик жана тигүү өндүрүшү атамекендик экономиканын ири тармагы болуп саналат. Текстилдик жана тигүү өндүрүшүнүн өлкөнүн өндүрүштүк көлөмүндөгү салыштырма салмагы 3% ашуун. Аталган тармак социалдык багытталган жана жумушчу күчүн пайдалануу жаатында ресурсу күчтүү саналат. Бүгүнкү күндө тармакта 150 миңден ашуун адам эмгектенет”, – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков
“Легпром” Ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов эскерткендей, текстилдик жана тигүү өндүрүшү үчүн технополисти түзүү тууралуу демилге биринчи кезекте ата мекендик жеңил өнөр жайын жана экспортко багытталган ишканаларды колдоого багытталган.
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда текстилдик жана тигүү өндүрүшү үчүн Технополистин долбооруна өндүрүштүк тилке бөлүү маселеси талкууланды.
С. Асанов өнөр-жай аймактарын куруу маселеси чечилгенин белгиледи.
“Бишкек шаарында биринчи жана Чүй облусунда экинчи технополисти ачууспландалууда. Жер тилкеси боюнча маселе чечилип жатат. Ушул маселе чечилсе эле жазында курулушу иштерин баштайбыз” ‚- деди ал.
Эми жазында Чүй облусунда 2 “Технополис” курулат.
“Технополистер” эл аралык стандарттарга ылайык болуп, батыш рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.