Үчүнчү дүйнөлүк «Көчмөндөр оюндарын» өткөрүү датасы аныкталды. Эл аралык спорттук иш-чара быйыл 2-сентябрда башталат. Ачылышы Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо болот. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн маалымат таратты. Оюндар эки жумадай уланат.
«Көчмөндөр оюнунда» улуттук спорттун 36 түрүнөн таймаштар өтөт. Ага 80 мамлекеттен 3000 спортчу катышары күтүлүүдө. Андан тышкары, 50 өлкөдөн журналисттер келет.
Үчүнчү дүйнөлүк «Көчмөндөр оюндарына» даярдык 2017-жылдын 15-декабрында башталган.
Алгачкы «Көчмөндөр оюндары» 2014-жылы, экинчиси 2016-жылы өткөн. Быйылкы таймаштар да Ысык-Көл облусундагы Кырчын капчыгайында уюштурулат. Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 307 миллион сом бөлүнгөнү расмий кабарланган.