• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Cапар Исаковго тхэквондонун кара куру тапшырылды

sab_4532

👁 632

Премьер-министр Сапар Исаков «Тынчтык корпусунун тхэквондо боюнча Дүйнөлүк фондунун» башкы катчысы Шин Дон Юнду кабыл алды.

Өкмөт башчы белгилегендей, кореялык спорттук делегациянын Кыргызстанга сапары өлкөдөгү тхэквондо өнөрүнүн кеңири өнүгүүсүнөн жана жайылтылгандыгынан кабар берет.

«Тхэквондо өсүп келе жаткан муундун ден-соолугун чыңдоого, тартибин калыптандырууга жана рухий дүйнөсүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Спорттун аталган түрү ар бир мамлекеттин улуттук колоритине ырааттуу сүңгүп кете алган философия катары кабылданат. Ал дүйнөдөгү көптөгөн адамдарды бириктирет. Муну эске алуу менен Сизге аталган спорт түрүн бүтүн дүйнө жүзүнө жайылтуудагы күч-аракетиңиз үчүн ыраазычылык билдирем», – деп белгиледи Сапар Исаков.

«Тынчтык корпусунун таэквондо боюнча Дүйнөлүк фондунун» башкы катчысы Шин Дон Юн Өкмөт башчыга жолугушуусу үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү күндө Фонддун ишмердүүлүгү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи.

«Фонддун ишине волонтердук кыймылдын өкүлдөрү активдүү тартылууда. Фонддун өлкөдөгү негизги милдети тхэквондону мындан ары карай жайылтуу жана спорттун аталган түрү боюнча ар кыл деңгээлдеги таймаштардагы жеңүүчүлөрдү көбүрөөк даярдап чыгуу болуп саналат», – деди ал.

Андан тышкары Премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кубогу үчүн тхэквондо турнирдин ачылыш аземине катышты.

«Бүгүн 200 ашык өлкө тхэквондону пропагандалап жана өнүктүрүүдө. Спорт менен машыккан, анын ичинде тхэквондо менен машыккан балдарды эч качан багынбай, алдыга койгон максатыңарга кадам таштап умтула бергиле деп чакырат элем. Эч качан чечилбеген тоскоолдуктар болбойт, ар дайым күрөшүп, алдыга умтулуш керек», – деп белгиледи ал.

Премьер-министр Сапар Исаков «Жаңы доорго кырк кадам» Өкмөттүк программада спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көнүл бурулганын белгиледи.

Кыргыз Республикасында тхэквондону өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Премьер-министр Сапар Исаковго чебердик даража, кара кур жана жетинчи дан берилди.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости