Анын айтымында, ташылган жүктүн көлөмү 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,2 млн тоннага көбөйгөн.
Мындан тышкары, былтыр 313 миң жүргүнчү ташылды. Ал 2016-жылга салыштырмалуу 30 миң жүргүнчүгө көп.
Былтыр ишкананын таза кирешеси 576 млн сомду түздү. Ал эми кирешенин өсүүсү 22,4 млн сом болду.
Ошондой эле, мамлекеттик бюджетке 205 млн сом салык төлөнсө, Социалдык фондго 318 млн сом төлөндү.
Булак: Марал радиосу