Жыл мурун 2014-жылдын 29-майында Евразиялык экономикалык биримдик тууралуу Келишимге кол коюлган. 2017-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин соода алакасы 26,1%, жогорулаган, ЕАЭБг мүчө мамлекеттердин ИДПсынын суммардык көлөмү 1,8 пайызга жогорулаган. 2017-жылы жалпы Евразиялык экономикалык биримдик боюнча өнөр-жай өндүрүшү, айыл-чарба өнүмдөрүн өндүрүү боюнча, чекене соода жана ички соода көлөмү боюнча жакшы динамика байкалган.
Баардык мүчө-мамлекеттер ЕАЭБге интеграция болууда жакшы натыйжалар болду. Дары каражаттарынын жана медициналык жабдуулардын жалпы рыногу ишке кирди.
“Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБдин Бажы кодекси ишке кирген, анда электрондук документке өтүү каралган. Эл аралык кызматташтык өнүгүүдө, Вьетнам менен эркин соода аймагы ишке кирди, Иран жана Кытай менен өнөктөш болуу тууралуу макулдашууга кол коюлуп, азиялык жана европалык багытта Биримдиктин өнөктөштүгү калыптанууда. Космос, айыл-чарба, жаңы технологиялар тармагында биргелешкен долбоорлор ишке ашууда. ЕАЭБдин санарип күн тартиби ишке кирүүдө. Биз дагы көп иштерди жасашыбыз керек, бирок мен 4 жыл аралыгында жасалган иштер менен сыймыктанам”,-деди ЕЭКтин коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян.