Маалыматка караганда, үч жолу продукция фитосанитардык сертификатсыз киргизилген, үч ирет зыянкечтер табылган, он учурунда болсо таңгакта маркирлөө жок болуп чыккан.
ЕАЭБдин мыйзамдарын бузуу болгондугуна байланыштуу бул товарлар кайра артка кайтарылган.
Жалпысынан жыл башынан бери 14 жолу Комсток курту табылган, 21 жолу башка зыянкечтер чыккан.
Ал эми күбө болсо шабдаалы, кара өрүк, абрикос, алма, алмурут, алча, айва сыяктуу жемиштерге түшөт. Курт түшкөн мөмөлөр жегенге жараксыз болуп калат. Алмурут, айва, кара өрүк 90–100% кургап калса, алма 40–45% зыянга учурайт.
Бул демек биздин дыйкандар баардык эрежелерди сактап, талаптарга жооп бериши керек дегенди билдирет.
Зыянкечтерден өсүмдүктөрдү коргоону үйрөнмөйүнчө тоскоолдуктар боло берет. Азыр кимдики туура экенин аныктоонун кажети жок. Ал эми артка кайтарылган жемиштер кайрадан иштетүүгө берилбесе, жарабай калып, малга жем болору турган иш.