Айтымында, «Нан унун байытуу жөнүндө» мыйзамдын нормалары аткарылбай келет, ошондуктан Кыргыз өкмөтү республика аймагына байытылбаган унду өткөрбөө боюнча конкреттүү иш-чараларды көрүшү керектигин айтты.
Өз кезегинде ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо Кыргызстанда тиешелүү мыйзамдар иштелип чыгып кабыл алынгандыгын, конкреттүү стратегиялар менен программалар дагы бар экенине токтолуп, бирок республикада аз кандууук көйгөйү курч маселелердин бири бойдон калып жатканын айтты.
Жогорку Кеңештин депутаттары калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин белгилешти. Кыргызстанга байытылбаган унду алып келүүгө тыюу салуу сунушу айтылды. Түшүндүрүү иштери бир канча жылдан бери жүрүп келет, бирок натыйжасыз болууда.
Талкуунун катышуучулары ата мекендик ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн 2015-жылы буудайды импорттоого КНС алынып салынганын, бирок 2017-жылы аны кайра калыбына келтирүү маселеси жаралганын белгилешти.
Бул жашыруун эмес. Себеби Кыргызстанда жашоо минимуму өтө төмөн жана алыскы райондо жашаган дыйкан жогорку сорттогу байытылган унду ала албайт. Алар биринчи сорттогу же кара унду колдонушат. Айылдыктарга байытылган ун пайдалуу экенин айтуу торго суу куйгандай эле.
Жыйынтыгында жыйын катышуучулары тарабынан КР Өкмөтүнө, Жогорку Кеңешке жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга аз кандуулуктун деңгээлин жана жаңы төрөлгөн балдардын тубаса ооруларын төмөндөтүүгө, калк арасына байытылган унду пайдалануунун маанисин жайылтууга, сырттан кирген байытылбаган унга тыкыр көзөмөл жүргүзүүгө, «Нан унун байытуу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын контролдоого багытталган сунуштамалар кабыл алынды.