• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

БУУ чек ара маселесин чечеби?

kambarata-9

👁 1,445

Чек ара кызматынан алынган маалыматка караганда, ушу тапта «Ак тилек» көзөмөл-өткөрүү бекетинде 490, Талас облусундагы «Чоң-Капка» көзөмөл жайында 162 оор жүк ташуучу машине турат. Калган бекеттерде автоунаа жана жарандардын тыгыны жок.

Казакстан 10-октябрдан баштап Кыргызстан менен чек арасында текшерүүнү күчөткөн. Ошондон бери чек арадан Казакстан тарапка өтүү кыйын болуп жатат. Адегенде казак бийлиги муну Кыргызстандагы президенттик шайлоого байланыштырган. Кийинчерээк, 25-октябрда расмий Астана Кыргызстан ЕАЭБдин талаптарын бузуп жатканын айтып, мындан өз бюджети зыян тартканын билдирип чыкты.

Алмазбек Атамбаев 20-ноябрдагы жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Казакстан 2010-жылы «блокада» уюштурганын, анда жагдай Кыргызстан Казакстанга суу берүүгө чектөө койгондо чечилгенин айткан.

Казакстандын айыл чарба министри Аскар Мырзахметов Кыргызстандын Казакстанга суу берүүгө чек коюу мүмкүнчүлүгү тууралуу мурдагы кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө комментарий берди.

Ал бир нече өлкөнүн аймагы аркылуу өткөн дарыяларды колдонуу боюнча эл аралык эрежелерге ылайык, Кыргызстан мындай чечимди бир жактуу кабыл ала албай турганын парламентте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Бул жаатта Кыргызстандан көз карандылык бар бирок биз эле Эмес Өзбекстан дагы көз каранды. Себеби алар суунун ылдый жагында турат. Эгерде Кыргызстан сууга байланышкан чечим чыгарса, анда Өзбекстандын кызыкчылыгы дагы эске алынбаган болот” ‚-деди министр Аскар Мырзахметов.

Жыл сайын Сыр-Дарыяга куйган суусунун көлөмү 12–13 млрд кубдү түзөт.

Эске сала кетсек, мурдараак экс-президент Алмазбек Атамбаев казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевди «Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жатат» деп сынга алган. Казакстан 10-октябрдан баштап Кыргызстан менен чек арасында текшерүүнү күчөткөн.

Кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн соңку кырдаалга байланышкан маселе 17-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунда да көтөрүлгөн.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости