• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Борбордук Азияны өзгөрткөн айымдар.

2v2a0158

👁 1,733

Алар кимдер? Фергана өрөөнүнүн айымдарынын бизнес-ассоциациясынын лидерлери – 45 катышуучу кыргызстандыктардын, тажикстандыктардын жана өзбекстандыктардын өнүгүү жолун талкуулашты. Алар 2017-жылдын апрель айында Ошто “Ишкер айымдардын аймактык биригүүсү: Борбор Азия өлкөлөрүндө-Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда айымдар бизнесинин туруктуу өнүгүүсүнүн келечегин түзүү” конференциясында жолугушту.

Ошто жаңы эле “Жибек Жолу-2017” деп аталган эл аралык айыл-чарба көргөзмөсү бүткөндө үч өлкөнүн ишкер айымдары кайрадан чогулушту.

Мартта болсо 9 компаниянын ишкерлери, Нидерландыдан 7 жана Орусиядан келген ишкерлер жолугушуу өткорүшсө, бул жолу ишкер айымдар чогулушту.

Аялдар көп нерсеге шыктуу экендигин көрсотүштү! Буга далилдер дагы өтө көп! «Forbes» журналынын маалыматына ылайык, айымдар 129 миллиард доллар иштеп табышкан; дал ушул айымдарга бүткүл дүйнө боюнча белгилүү болгон «Gap», «Spanx», «Alibaba» жана «Little Caesars» бренддери тиешелүү. Тизмеде дүйнөнү багынткан 56 миллиардер айым бар.

129 млрд доллардын жарымынан көбү өзүнө-өзү ишенип, алгачкы миллиарддарын тапкан ийгиликтүү айымдарга тиешелүү. Мындай мисалдар дүйнөдө көбөйө баштады. 10 жыл мурун 11% болсо, былтыр 21%, быйыл 25%.

Жалпылап айтканда өз күчү менен алгачкы миллиарддарын тапкан айымдардын саны 2009-жылдан тарта эки эсеге өскөн. Алардын байлыгы акыркы 5 жылда 50% көбөйүп, азыр дүйнөдөгү миллиардер аялдардын капиталынын 16%ын түзөт. Аналитиктер бул тизмеге кирген айымдардын көбү Азияда жашарын билдиришкен, эң ийгиликтүүлөрү Гонконгдо жана Кытайда.

Мурунку СССРге кирген өлколөрдүн айымдары дагы алар чоң күч экенин далилдешти. СССР кулагандан кийин дал ушул аялдар алгачкылардан болуп 90-жылдары үй-бүлөлөрүн коргоого киришкен! Алар күйөөлөрү депрессия болуп, чечкинсиз болуп турган маалда колдоруна тийген жумуштун баарын кылып келишкен. Апалар жана жубайлар чакан жана орто ишканаларды ачышты, ийгиликтүү бизнеске кадам таштаган мисалдар дагы бар. Ийгилик баарына эле дароо жылмайбаганы баарына белгилүү деңизчи, бирок токтоолук, ишеним ийгиликке жетелеп келген.

Кыргызстандагы «Жер Азыгы» агробизнесмендер ассоциациясынын аткаруучу директору Азиза Юлдашева азыр аялдардын эмгеги бааланбай жатканын билдирди. Бүгүн аялдар Кыргызстандагы. Өзбекстандагы, Тажикстандагы ишкердикти өнүктүрүү тууралуу сүйлөшүү үчүн чогулушкан. Бул өлкөлөрдүн өкмөттөрү болсо айымдардын ишкердиги экономикалык өсүштүн айрып алгыс бөлүгү экенин моюндарына алышкан.

Өзбекстандын ишкер айымдары.

Өзбекстанда аялдар эмгек ресурсунун 45%ын түзөт. Учурда 190 миңден ашуун «business-women» бар.

“Расмий статистика тилекке каршы, ишкер айымдардын экономикалык көрсөткүчтөрдө болгон ордун көрсөтпөйт, бирок Өзбекстандын “Эл менен диалогго баруу жана адамдардын кызыкчылыгы ” жылынын мамлекеттик программасындагы 210-пунктунда алардын чакан ишмердүүлүккө кошуп жаткан ролу белгиленген”,-деди Өзбекстандын «Тадбыркер Айел» деп аталган ишкер айымдарынын ассоциациясынын жетекчиси Зухра Рахманова.

Айтымында, учурда аялдардын көбү соода, тамак-аш өнөр-жай, мал чарбачылыгы, өнөр-жай жана башка тез өнүгүп жаткан тармактарда иштешет.

“Кездеме фабрикаларынын өнүмү, уздардын эмгектери экспорттолууда. Учурда Өзбекстанда 120 миңден ашуун чакан бизнестерди аялдар башкарат, алардын 4550сү дыйкан чарбасы! 10 райондо аялдарды бизнеске окутуучу 10 семинар болгон. Өкмөттүн программасынын алкагында Боявут Сырдарыя жана Бахмал Джизах облустарында бизнес-инкубаторлор түзүлүүдө”.

Өзбекстандын «Тадбыркер Айел» деп аталган ишкер айымдарынын ассоциациясы 2015-жылы республиканын борбордук банкы жана коммерциялык банкы менен кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюшкан. Ага ылайык, жылына 3–4,5% үстөгү менен насыялар берилет.

Ассоциациянын жаңы демилгелери – бул иштетилбей турган мамлекеттик мекемелерди ишке киргизүү: экспорттук потенциалды жогорулатуу үчүн Орусияда жана Казакстанда соода үйлөрүн куруу; ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүн тиешелүү тармактарга ишке орноштуруу.

Тажикстандын ишкер айымдары.

«КАДБОНУ» деп аталган ишкер айымдардын улуттук ассоциациясынын 1400 мүчөсү бар жана бир эле убакта Борбор Азиядагы жана Афганистандагы бизнес ассоциациялардын өкүлчүлүгү болуп саналат. «Гулистон» деп аталган кесиптерге окутуучу борбору бар жана 40 адамдан турган волонтерлор мектеби бар. «КАДБОНУнун» ишмердүүлүгүнүн 90%ы грантсыз ишке ашат. Ассоциация түзүлгөн 25 жыл аралыгында 36 миңден ашуун аялдардын жана үй-бүлөлөрдүн жашоосу жакшырган.

Анын жетекчиси Сабохат Рахимзода 90-жылдардын башынан тарта Тажикстанда айымдардын ишкердиги 10 эсеге 3%дан 30%га жогорулаганын билдирди. Алардын 59%ы кызмат көрсөтүү менен алек болсо, 20,5%ы айыл-чарбасында. Бул айылда ишкердик начар өнүккөнүнөн кабар берет. 2016-жылдагы маалыматтарга ылайык, 13% айымдар гана чарбачылык менен алек болуп келишет жана алар өстүргөн өнүмүн сатуу үчүн өнөктөштөргө муктаж.

Ишкер айымдар өлкөсүнө да үй-бүлөсүнө дагы жардам берип келишет. Орточо эсеп менен 53% бизнес 1–5 жумушчу орун менен камсыз кылат. Тилекке каршы учурда көпчүлүк айымдар ишкердик менен алектене беришпейт, себеби башка иш менен алек болушкан же жашоо-шарттары мүмкүнчүлүк бербейт.

Айымдардын улуттук ассоциациясы Өкмөт менен тыгыз иштешип келет, аялдарды бизнеске тартат, аларды укуктарын коргоого жана башкаларга үйрөтүп келет. Ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү аялдарды окутуу программасын ишке ашырып келет.

Учурда Тажикстанда бизнес-ассоциацияларды түзүү процесси жүрүүдө. Алардын мүчөлөрү билимдүү: алардын 60%ынын үй-бүлөсүндө мигранттар жок, бирок алар өздөрү багуучу болуп келишет.
Кыргызстандын ишкер айымдары.

Кыргызстандагы айымдар дагы жашоо шартын жакшыртуу үчүн ишкерлик менен алектене башташкан. Чакан жана орто бизнес – аялдардын негизги киреше булагы, алардын на 89%ы чакан ишканалар. КРнын Экономика министрлигинин ишкердүүлүктү жөнгө салуу башкармалыгынын жетекчиси Акылай Кожомбердиеванын айтымында, өлкөдө эркектерге караганда аялдар башкаруучу кызматтарга аз шайланат жана эркектерге караганда аялдарга жардылык көп коркунуч жаратат. Учурда жумушсуз жүргөндөрдүн 63%ын аялдар түзөт. Жеке бизнеси бар аялдардын саны 18%; айылда чарбачылык менен алек болгондор 15%.

Кыргызстанда аялдардын көпчүлүгү соода-сатык менен алек болушат — 56%, кайра иштетүү өнөр-жайы – 22%, кызмат көрсөтүү – 19%. Калган 3% башка бизнестер.

Учурда Кыргызстанда ишкер айымдарга байланышкан долбоор ишке ашууда, анын максаты – айылдардагы жана кичи шаарлардагы аялдардын жашоо шартын жакшыртуу. Анын натыйжасында 2 финансылык кызматтар пайда болуп, жылдык киреше 15%га өсөт, окутулган 300 айымдын 50сү насыя алышат ж.б.

КРнын Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясы болгон. Анын натыйжасында өнөктөш каржылык компаниянын 100 кызматкери, 415 ишкер айым жана башка кызыкдар болгон 105 айым окутулган.

Муну менен катар эле кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү программасы иштелип чыкты, кыргызстандык ишкер айымдардын экспорттук потенциалы бааланды, ошондой эле МФОлор үчүн Смарт Компейн сертификаты берилип, “Лизинг” тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле бизнес-ассоциациялар гранттык негизде кеңсе техникаларын алышты.

Кыргызстанда ишкердикти колдоо максатында төмөнкү пилоттук долбоорлор ишке ашырылууда:

1) пайыздык төлөмдөрдүн бөлүгүн кайтарып берүү менен насыя берүү;

2) Микро финансылык уюмдарда насыялык багыттарды ачуу;

3) Келишимдик насыя.

Бүгүнкү күнгө чейин 806 102 долларлык 180 насыя берилген.

Борбор Азиянын ишкер айымдары

Өлкөлөр ар башка. Бирок айымдардын максаты бир: үй-бүлөсүнө, облусуна, шаарына, өлкөсүнө жардам берүү. Учурда аялдар мамлекетинде жана Борбор Азияда айымдардын ишкердигин колдоого алууну суранып жатышат. “Бизге баарынан мурун маалымат керек, биз тууралуу маалыма, бизге керек маалыматтар”,-дешет алар.

Ирина Байрамукова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости