Бишкектеги «Ташрабат», «Таатан», «Детский мир» деген жайлар мурда түшкөн имараттарга эле соода борбору болуп иштеп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын архитекторлор союзунун төрагасы Алымбек Абдраимов билдирди.
Алымбек Абдраимовдун айтымында, өндүрүштүк имарат катары салынган жайларды соода борборго айлантуу коопттуу болуп саналат. Алымбек Абдраимов бул боюнча: «Кемероводогу өрттөнгөн соода борбору өндүрүштүк типте салынган имарат экен. Ал завод, фабрика болгон. Анткени атайын соода борборуна ылайыкташтырылып салынган эмес. Кыргызстанда мурда өндүрүш үчүн салынган имараттар азыр соода түйүндөрү катары иштеп жаткан учурлар көп. Мисалы, «Ташрабат», «Таатан», «Детский мир» деген жайлар мурда түшкөн имараттарга эле соода борбору болуп иштеп жатат»-деп белгилейт.
Ошондой эле Ош базарындагы «Беш сары» соода борбору да убагында көп кабаттуу унаа токтотуучу жай болот деп айтылып, кийин коммерциялык имаратка айландырылганын кошумчалаган Абдраимов.
Орусиянын Кемерово шаарындагы «Зимняя вишня» соода борборунан чыккан өрттөн 64 кишинин өмүрү кыйылды. Өрт жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү болгон. Тилсиз жоо эмнеден улам чыкканы азырынча белгисиз. Кырсыкка байланыштуу төрт киши камакка алынып, бир нече беренелер менен иш козголду.
Булак: Марал радиосу