Мына ошондой текстиль тармагында өзгөчө орду бар “Илбирс” ААК фабрикасы аталат. Аталган фабриканын башка тигүү цехтеринен айырмачылыгы жана иштөө тартиби тууралуу “Илбирс” ААКнын саттуу боюнча коммерциялык директордун орун басары Болотбек ЖУНУСОВ ЭКОНОМИКга” кеп салды.
-“Илбирс” фабрикасы тууралуу айтып берсеңиз?
-«Илбирс” ААК 1941-жылы фабрика болуп түзүлгөн. Бирок бул фабрика согуш учурунда Харьковдон көчүп келген. Антекени, Ата-Мекендик согуш башталып, Германия Харьковду басып алган. Кийин фабриканын толук тетиктери жана жумушчулары менен согуш учурунда Кыргызстанга алынып келинген. Согуш бүткөндөн кийин Харьковдон келген жумушчулар кайра кетип, ал эми “Илбирс” фабрикасы Фрунзеде калган. Ал кезде фабрика “Мекиан” деген ат менен болгон. 1992-жылы “Илбирс” ААКсы болуп түзүлгөн.
- Кандай кийимдерди чыгарат?
- Негизинен фабрика тор кийимдерди чыгарат.
–Учурда канча адам жумуш менен камсыз болот жана экспорт маселеси кандай?
–Тигүү цехинде жана фабрикада жалпы 300дөй адам жумуш менен камсыз кылынган. Жумушчуларга өзгөчө шарт түзүлгөн. Тактап айтканда, ар бир тигүүчүгө эмгек келишим китепчеси, эс алуу жана аванс менен камсыз болушат. Тапкан кирешеден тигүүчүлөрдү камсыздап, мамлекетке салык төлөп, өзүбүздү да багып жатабыз. Өзүбүз менен өзүбүз аракет кылып иштейбиз.
Биздин чыгарган тор кийимдер Россия, Казакстан, Кытайга орто өлчөмдө жиберилет. Мындан тышкары Кыргызстандын ар бир аймагында атайын сатуу түйүндөр бар. Атап айтсак, Токмок, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Таласта дүкөндөр иштейт. Кардарларыбыздын дагы бири Кыргызстан менен Казсакстандын Коргоо министрлиги болуп саналат. Алар куралдуу күчтөргө аскер кийимдерине буйрутма беришет. Ал эми Франция, Испания, Англиядагы көргөзмөлөргө катышып,“Илбирс” бренддин таанытып келгенбиз.
-“Илбирс” фабрикасы чыгарган кийимдер бренд боло алабы?
–Бишкекте “Илбирс” аталышындагы биздин чоң дүкөнүбүз бар. Ал жакта брендке айланган пальто, костюм, юбка, көйнөктөр сатылат. Бүгүнкү күндө “Илбирстин” кийимдери деп издеген кардарларыбыз арбын. Анткени сапаты абдан жакшы.
–Бир айда канча өлчөмдө продукция чыгат?
–Бир айда 3 миллион сомдун продукциясы чыгат. Кайра 3 миллион сомго чыккан кийимдерди сатканга аракет кылышыбыз зарыл. Себеби, кайра түшкөн каражат менен тигүүчүлөрдүн айлык маянасын жана кеткен баардык чыгымды жабуу керек.
–Айлык акы жана иштөө тартиби кандай?
–Адам баласынын ден-соолугу үчүн баардык иштөө тартиби так сакталган. Бул беш күндүк 8 сааттык жумуш жана айлык убагында кармалбай берилет. Себеби, бир үй-бүлөдө бир киши иштесе, үйүндө төрт киши анын айлыгын күтүп отурат. Ошондуктан ар бир жумушчуга жоопкерчиликтүү мамиле кылынат.
-“Илбирс” фабрикасында кийимдин “моделдери” калыптанганбы же өзгөртүлүп турабы?
–Ар ай сайын 50–100 чейинки ар түрдүү кийимдин моделдери ойлоп табылат. Бизде атайын моделдерди ойлоп табуу үчүн сүрөтчүлөр кеңешмеси түзүлгөн. Жүзгө жакын моделдин ичинен жыйырмасы тандап алынат. Жыйырмадан беш модель базардын суроо-талабына жооп берет да ошол айдан чыгабыз.
-“Илбирс” фабрикасы башка фабрикалардан эмнеси менен айырмаланат?
–Ар бир чыккан кийимге жүн кошулат. Ошондуктан башка жеке тигүү цехтеринен чыккан кийимдерден айырмаланып турат. Анткени, Токмоктон атайын буйрутма менен кездемелерге жүн коштурабыз. “Илбирс” фабрикасынан чыккан ар бир тор кийимде жүндүн курамы бар. Бул ден-соолукка пайдалуу, жылуу жана тердетпейт. Учурда кардарлар биз чыгарып жаткан кийимдердин сапаты жогору экенин билип, арзан, кымбаты карабай алышат.
-Жумушка алуу талабы кандай?
–Жумушка алуу талабы өзгөчө. Ар бир жумушчу арыз менен кабыл алынат. Анткени, атайын буйрутма менен даярдалган кездемеден тигүү абдан оор. Жеке тигүү цехинен келип, дароо тигем деген кыз тиге албайт. Аны үч айдан бир жылга чейин акысыз окутабыз. Окутуу үчүн каражат жумшайбыз. Себеби, “технологко” окуткандыгы үчүн айлык төлөп беребиз. Технолог биз тиккен “трикотаждын” өзгөчөлүгүн, сырын билет.
Өндүрүш фабрикасында жумуш абдан көп жана оор. Жумушчулардын ар биринин коопсуздугун көзөмөлдөнөт. Бирок, биз ушунтип иштеп жатканыбызга сыймыктанабыз. Себеби, баардыгы өз орду менен жасалууда.
–Орточо айлык акы канча?
–Бир айда 15–20 миңге чейин айлык алышат. Биринчи кезекте айлык жумушчуларга берилет. Айдын аягында эсепчи эсептеп туруп, жумушчуларга накталай санап колдоруна карматат.
Наргиза ӨМҮРБЕК кызы