2016-жылдын октябрь айынан тарта БизЭксперт аналитикалык борбору КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңешинин, Соода өнөр-жай палатасынын, Чакан ГЭСтер ассоциациясынын, ЖИАнын, БАУАнын, «CSR Central Asia» агенттигинин колдоосу менен Кыргыз Республикасында бизнестин күн тартибин түзүү боюнча масштабдуу иш башталды.
Кыргыз Республикасы бүгүн кандай рейтингдерге ээ? «World Ecomomic Forum» глобалдык атаандаштыкка туруктуулук индекси боюнча Кыргызстан 2017-жылы өзүнүн позициясын жакшыртып, 11-позициядан 102-позицияга көтөрүлдү. Бирок, ушуну менен бирге 2015-жылдагы деңгээлге кайтып келип, ЕАЭБдеги эң начар абалда калды. «Doing Business» рейтинги боюнча 2017-жылы Кыргызстан 2 позицияга төмөндөдү же 2013–2017-жылдарда – 75-орундан 77-орунга түштү. Конкуренция туруктуулук индекси боюнча Кыргызстан саякат жана туризм секторунда 1 позицияга көтөрүлүп, башкача айтканда 116дан 115ге түштү. «Өкүнүчкө жараша, мындай экономикалык абал мамлекеттик башкаруудагы системалык көйгөйдүн бар экендигин көрсөтөт, ошондуктан көптөгөн суроолор өзүнүн актуалдуулугун жоготкон жок. Алардын арасында мурда стратегиялык документтерге кирип, приоритеттүү деп айтылгандары да бар”,-деп билдирди эксперт Г.Чекирова. Бизнестин мамлекеттен күтүүсүнүн багыты катары «БизЭксперт» Ишкердик күн тартибин мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу мамлекеттик органдары үчүн бет ачарын өткөрдү.
Бизнестин Ишкердин күн тартибине киргизилген суроолор боюнча 60 ирет жолугушуу өткөрүлүп, 13 ТВ-көрсөтүүсү жана 11 видео материалдар, ошондой эле ишкерлердин күтүүсү ишке ашпай калганынын себептери жагдайына тиешелүү 29 аналитикалык макала жарыяланды. Бизнестин Ишкердик күн тартиби 150 тиражда чыкты, бирок бул иштердин бардыгы финалдык чечимге алып келген жок жана көйгөйлөр чечилбей кала берди. Алардын арасында – бизнестин Ишкердик күн тартибинин төмөнкү пункттары:
- Турак-жай объектисин куруу аяктагандан кийин жер участкасынын укуктук статусун аныктоо;
–Кыргыз Республикасынан экспортко чыгарылган кымбат баалуу металлдан жасалган ювелирдик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын бошотуу жана ыктыярдуу тамга басууну киргизүү;
- Өндүрүш процессиндеги чийки заттан салык алуу базасын алып салуу. Бизнестин Ишкердик күн тартибине киргизилген болжолдуу төрт маселе боюнча жеке бизнес менен Экономика министрлигинин позициясы ар кандай экени келип чыкты.
–Алардын арасында АЗСтердеги дүң тизмектен акциздик салыкты төлөөнү которуу;
–Казакстандан киргизилген күйүүчү майды акциз салыгы жана НДС төлөө менен легализациялоо ( көзөмөлдөө баасынын төмөнкү деңгээлинде);
–Иштеп жаткан инженердик-техникалык тармагын күйүү-энергетикалык ресурстар менен камсыз кылуу жана башкалар.
Улук Кыдырбаев бизнестин Ишкерди күн тартибин жүзөгө ашырууга түрткү берген кеңири жайылган себептерге токтолду:
а)Профилдик мамлекеттик органдар ишкердик күн тартибин көңүлүнө албай, аны ишке ашыруу боюнча эч кандай чараларды кабыл алган эмес;
б) Профилдик мамлекеттик органдар бизнес-коомчулуктун сунуштары менен макул эмес;
в) Профилдик мамлекеттик органдар ишкердик күн тартибинде белгиленген көйгөйлөрдү жана бизнестин керектөөлөрүн чечүү жолун таппай жатышат;
г)Бизнес-коомчулук активдүү болбосо алардын сунушу мамлекеттик органдарда чечилбей келет;
е) Бизнес менен конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн айрым учурларда мамлекеттин саясий эрки жетпей келет;
ж) Сапатсыз аткаруу иштелип чыккан чечимдердин аткарылуусуна тоскоолдук болот. Кесиптик жактан чектөөсү болгондуктан жагы аткаруучу органдар айрым көйгөйлрдү чече албай калышат.
КРнын Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев өлкөнү өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын жаңы концепциясында адамдар эң башкы ролдо экени жазылганын билдирди. Ошондой эле ал 2018-жылы «В2В» алкагында ишкерликти мамлекет тарабынан колдоону жакшыртуу үчүн тиешелүү документтерге өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча министрлик тарабынан иштер жүргүзүлөрүн кошумчалады.
Д. Иманалиевдин айтымында, жеке бизнести толугу менен өнүктүрүү үчүн мыйзам бир аз татаал экенин жана аны либералдаштыруу зарылдыгын мамлекет деле түшүнүп жатат. Ал эми фискалдык саясатка келсек, электрондук эсеп-фактура, виртуалдык склад, салыктык оорчулук келтирбеген касса аппараттарын киргизүү пландалууда.
2017-жылы Ишкердик күн тартиби №1 жыйынтыкталды, 2018-жылы Ишкердик күн тартиби №2 ишке кирди. Анда төмөнкүдөй иш-чаралары болору күтүлүүдө:
1) КРнын өнүмдөрүнүн Техникалык регламент жана фитосанитардык талаптарга төп келүүсү;
2) “жашыл экономиканы” өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр жана анын келечеги;
3) Мамлекеттик жөнгө салуу системасын жакшыртуу;
Улук Кыдырбаев жыл сайын Ишкердик күн тартибинин тематикасы жаңырып турарын айтты.
Ирина Байрамукова