11-майда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында экономика министри Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын 2018–2019-жж. карата аймактык саясат Концепциясын аткаруунун жүрүшү тууралуу баяндама жасады.
“Айыл чарбасын каржылоо – 6” программасы кабыл алынды. Бул долбоор боюнча насыялар 3 жылга чейин жылдык 10% менен мал чарбачылыгына, 8% менен багбанчылык менен алектенген субъекттер үчүн жана жылдык 6% менен айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагына берилет. Аймактарда бизнести колдоо жана өнүктүрүү максатында облустардагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аянтында бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңештер түзүлөт”, – деди ал.
Экономика министри Олег Панкратов Ош жана Бишкек шаарларында Ишкерликти колдоо борборлору түзүлүп, аларда ишкерлерге тиешелүү колдоо көрсөтүлүп, сапаттуу бизнес-демилгелерди даярдоо жана илгерлетүү жүрүп жатканын айтты.
“Мындан тышкары 2026-жылга чейин ирригацияны өнүктүрүү Программасы жана 2018–2025-жылга карата Кыргыз Республикасынын калктуу жерлеринин башкы планын иштеп чыгуу боюнча Программа бекитилди”, – деди баяндамачы.
Экономика министри Олег Панкратов өз баяндамасында республикада транспорттук инфраструктура жигердүү өнүгүп жатканын билдирди.
“2017-жылы бардыгы болуп 566,7 км узундуктагы жалпы колдонуудагы унаа жолдору оңдолду. 2018-жылга карата 538,59 км аралыктагы жолду оңдоо пландаштырылган. Инвестициялык долбоорлр боюнча эл аралык коридорлорду бириктирген 145,89 км унаа жолун оңдоо пландалууда”, – деп билдирди министр.