• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештер түзүлөт

👁 504

11-майда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында экономика министри Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын 2018–2019-жж. карата аймактык саясат Концепциясын аткаруунун жүрүшү тууралуу баяндама жасады.
“Айыл чарбасын каржылоо – 6” программасы кабыл алынды. Бул долбоор боюнча насыялар 3 жылга чейин жылдык 10% менен мал чарбачылыгына, 8% менен багбанчылык менен алектенген субъекттер үчүн жана жылдык 6% менен айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагына берилет. Аймактарда бизнести колдоо жана өнүктүрүү максатында облустардагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аянтында бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңештер түзүлөт”, – деди ал.

Экономика министри Олег Панкратов Ош жана Бишкек шаарларында Ишкерликти колдоо борборлору түзүлүп, аларда ишкерлерге тиешелүү колдоо көрсөтүлүп, сапаттуу бизнес-демилгелерди даярдоо жана илгерлетүү жүрүп жатканын айтты.

“Мындан тышкары 2026-жылга чейин ирригацияны өнүктүрүү Программасы жана 2018–2025-жылга карата Кыргыз Республикасынын калктуу жерлеринин башкы планын иштеп чыгуу боюнча Программа бекитилди”, – деди баяндамачы.

Экономика министри Олег Панкратов өз баяндамасында республикада транспорттук инфраструктура жигердүү өнүгүп жатканын билдирди.

“2017-жылы бардыгы болуп 566,7 км узундуктагы жалпы колдонуудагы унаа жолдору оңдолду. 2018-жылга карата 538,59 км аралыктагы жолду оңдоо пландаштырылган. Инвестициялык долбоорлр боюнча эл аралык коридорлорду бириктирген 145,89 км унаа жолун оңдоо пландалууда”, – деп билдирди министр.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости