Албетте, алгач өнөктөшту бир жерден жолуктуруп, андан соң гана аны кызыктырууга мүмкүн. Учурда Бишкектеги кыргыз-япон инсандык өнүктүрүү борбору ишкерлерди бекер окутуп келет.
Анын жетекчиси Канат Көлбаевдин айтымында, Япониянын колдоосу менен кыргызстандык ишкерлерде «FOODEX JAPAN-2018» аймагында өз өнүмүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгү ачылды. Токионун четиндеги Чиба шаарында азыктар жана суусундуктар коюлчу бул Эл аралык көргөзмө 43-жолу уюштурулуп жатат.
Өнүгүп келе жаткан өлколөрдүн катарында болгон Кыргызстандын ишкерлери «JETRO» ( Japan External Trade Organization) атайын аймагына кантип барса болору, онлайн арызды кантип берүү керектиги жана көрсөтүлүп жаткан товарларга кандай талаптар бар экенин, кайдан кеңеш алса болорун бизнести өнүктүрүү боюнча аймакты координатор Дилфуза Арифходжаева айтып берди.
“Учурда Япония – көп жыл жашаган тургундары менен айырмаланып турат, калктын 27%ы 65 жаштан жогоркулар. Мунун сыры япониялыктар сапаты жакшы азыктарды баасына карабай сатып алганында. 2014-жылдагы акыркы изилдөөлөргө ылайык, япониялыктар мини-маркеттерде соода кылып, тез тамактануучу жайларга эмес, премиум-класстагы ресторандарга барууну адатка айлантышкан. Ошондуктан туура тамактануу үчүн азыкты туура колдонушуп, жеп жаткан тамагынын пайдалуулугуна көңүл бурушат. Бул рынок жаңы нерселерге басым жасаганынан кабар берет. Учурда япониялыктар жемиштен жасалган блинчиктерге, пончиктерге көп ыктай башташты. Жаңы рынокко өз товарыңды сатууда кардарлардын бул каалоосун эске алуу керек”,-дейт Дилфуза Арифходжаева.
«JETRO TASHKENT» уюмунун башкы директору Manabu Shimoyashiko Кыргызстандан чогулган көптөгөн ишкерлерге алар эмнеге өнүмүн Японияга көргөзмөгө коюусу керектигин түшүндүрүп берди.
“Бул Азиядагы жана Тынч океан аймагындагы азыктар жана суусундуктар коюлчу эң чоң көргөзмө. Бул көргөзмө ири рыноктордун (Япония, Индия, Кытай, Түштүк Корея, Сингапур, Гонконг ж.б) кесилишинде жайгашкандыктан 2017-жылы эле ага 82 миң адам катышкан жана 77 өлкөдөн 3 миң товар түрү коюлган. Эгер кыргыз товары бул көргөзмөгө кирүү мүмкүнчүлүгүн алса ал тууралуу бардык катышуучулар билишмек. Ошондой эле товар автоматтык түрдө башка рынокторго тартылмак, себеби япониялыктар жогорку сапатты бааларын баары билет. Ошондой эле Япония экономикасы алсыз болгон өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экспортчуларына 1997-жылдан бери жардам берип келет. Алар үчүн көргөзмө павильонунун баасы 83%га арзан. Мындан сырткары Япония тарап аталган өлкөлөрдөн чыккан ишкерлерге котормочу берип, жеке кеңештерди да берет. Ошондуктан эгерде кыргызстандыктар 2018-жылдын 6–9-март күндөрү болуучу «JETRO» аймагындагы «FOODEX JAPAN-2018» көргөзмөсүнө катышса, алар бул мүмкүнчүлүктүн баарын колдоно алышат ”,-дейт эксперт.
Баса, дал ушундай көргөзмөгө Казакстандын (май чыгарган), Тажикстандын Согди облусунун (кургак жемиш чыгарган), Өзбекстандын жүзүм данегинен май экстрактын чыгарган, Кыргызстандын бал өндүргөн бизнесмендери катышкан. Бир гана Түркмөнстан бул эл аралык форумга катышуу үчүн арыз берген эмес.
Үч жолу «FOODEX JAPAN» иш-чарасына катышкан «Дары Тянь-Шаня» ЖЧКсынын өкүлү Аида Искенова сатып алуучулардын бир гана талабы сапат экенин айтты. “Биз үч жолу катышкнадан кийин гана чет элдик өнөктөш таба алдык. Учурда айына 2 тонна кыргыз балын экспорттойбуз. Бал менен алар таанышышы үчүн алдын ала «JETRO TASHKENT» уюмунун жардамы менен бал жибергенбиз жана анын жардамы менен балыбыз Японияга алынып келинүүчү мыйзам боюнча курамы туура келеби жокпу текшерүүдөн өткөн. Тилекке каршы, азырынча сырткы сооданы өнүктүрүү боюнча бул уюмдун өкүлчүлүгү Борбор Азия аймагында Ташкентте гана бар. Бул уюм Япониянын соода министрлигине баш ийет”.
2017-жылы КРдан бул иш-чарага «Аман Грин Фуд» ЖЧКсы катышкан, алар дагы бал алып барышкан. Катышуучулар өнүмдүн таңгагына көңүл буруу керектигин белгилешет, ал кооз, чакан жана көп маалымат камтыган болушу шарт. Келгендерге өнүм, компания тууралуу брошюраларды сунуштоо кажет. Визиткасын таштаган алуучулар менен ишкердик байланышта болуп туруу керек.
Дилфуза Арифходжаеванын пикиринде, кыргызстандыктар бул көргөзмөгө катышса болот: мисалы, балдан сырткары чөптөн жасалган чайларды, ваернья, джем, жаңгак азыктарын, мисте, Баткен кагын алып барышса болот. Мисалы, Тажикстандын «Меваи Тиллои» компаниясы 3 жолу кургатылган жемиш менен катышкан.
Кыргызстанда учурда өндүрүшчүлөрдүн баш оорусу – сатуу. Бирок эмнеге ошол эле ишкерлер мүмкүнчүлүк берген иш-чараларга кызыгышпайт? Анткени ошол эле «JETRO» аймагындагы көргөзмөдө быйыл 800 ишкердик келишим түзүлүп 1700дөн ашуун сүйлөшүүлөр болгон. Жада калса экономикасы алсыз өлколөрдүн ийгиликтүү мисалдары да бар. Маселен, Мадагаскар биринчи жолу катышып жатканына карабай ваниль сатуу боюнча бир катар ийгиликтүү келишимдерди түзө алган. Венесуэланын кунжут чыгарган компаниясы экинчи жолу катышып эле мурунку жылкы байланыштарын бекемдеп, жаңы өнөктөштөрдү тапкан. Иорданиянын печеньеси жана шоколады дароо эле кардар тапкан эмес, алар кеңеш алышып, сатып алуучулардын каалоолорун эске алышып, натыйжада таңгагын жакшыртып, баасы менен сапатын айкалыштырышкан – жыйынтыгында иш-чарага тынымсыз катышкан бул компания таанымал болуп чыга келди.
Ошондуктан “Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң” дегендей биздин бизнесмендер дагы өз күчүн жаңы рынокто сынап көрүүсү керек.
Баса, мындай жарманкеге барууга даяр эмес болгон ишкерлер үчүн дагы башка мүмкүнчүлүк бар. Бул ишкердик байланыштарды өнүктүрүү боюнча ( TTPP — Trade Tie-up Promotion Programme) «JETRO» бекер сунуштаган программа. 2000-жылы түзүлгөн бул система компанияларды түз каттоого алат, натыйжада интернеттин жардамы менен япониялык ишкерлер менен байланышууга мүмкүнчүлүк ачылат. Бул бардык иштер веб-сайт аркылуу бекер аткарылчу издөө кызматы. Манабу Шимояшиконун айтымында, учурда бул системага 21 миңден ашуун сунуштар катталган. Дал ушул жерден эле система англис тилиндеги маалыматты дароо япон тилине которот. Кыргыз ишкерлери четте карап турбай тезинен сунуштарын каттап, мүмкүнчүлүктөрүн арттырса болот. Бизнесиңизди дароо өнүктүрүп баштоону кааласаңыз
www.jetro.go.jp/ttpp сайтына кирип, 2 этаптуу каттоодон өтүңүз: колдонуучуну каттоо жана сунушу каттоо. Дароо бул маалымат башка колдонуучуларга жетет, ал жакка 162 өлкө ишкерлери катталган.
Катталган сунуштар ишкердүүлүктүн 6 түрү жана бизнестин 13 категориясы боюнча болот. Бул сайттагы сунуштардын баары агро өнөр-жай тармагы боюнча болгондуктан Орто Азия үчүн чоң плюс. Онлайн режиминде чет элдик компаниялар менен байланыш түзүлөт. Түркиянын элчилигинин соода боюнча Кыргызстандагы өкүлү Айгүл Сайракунова TTPP программасына бийик баа берди.
Ирина Байрамукова