Экономика министри бул борборлордун негизги максаты бизнеске жардам берүү жана ар бир ведомствонун алкагында кызматтарды көрсөтүүнү жеңилдетүү экенин билдирди. Ошондой эле бул борборлор аркылуу коррупциялык механизмдерди жоюу, ишкерлерге сапаттуу, заманбап кызматтарды өз убагында көрсөтүү экенин айтты.
Бизнести тейлөө борбору бизнестин жашоо циклинин баарын ичине камтыган кызматтарды көрсөтүүгө багытталган.
Бишкек шаарында пилоттук борбор ачуу пландалууда, андан соң республиканын бардык аймактарында ачылмакчы.
Борбор төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:
–маалыматтык;
–мамлекеттик, лицензия жана уруксат берүү;
- тышкы соода иштерине колдоо көрсөтүү;
–бизнес-тренингдерди өткөрүү үчүн аянттарды берүү жана бизнестин негиздери боюнча окууларды уюштуруу;
–кеңеш берүү;
–каржылык кызматтарды көрсөтүү: насыялар, лизинг, ислам шарттары боюнча каржылоо, инвестициялар, венчурдук фонд.
Бизнес-коомчулук бул борборлорду түзүүнү бир добуштан колдоду. Экспорт, импорт маселелерине өзгөчө көңүл буруу керектиги айтылды. Ошондой эле ата мекендик ишкерлердин ЕАЭБ рыногуна өнүмдөрүн ташууда, ВСП+ маселелери боюнча бир катар көйгөйлөр жаралганы белгилүү болду. Ошондуктан жаңы ачыла турган борборлор ишкерлерге кызмат көрсөтмөкчү.
Ал эми бизде болсо ишкерлерге жана бизнесмендерге жардам берүү үчүн түзүлгөн Соода өнөр-жай палатасы эмне иш аткарат деген суроо туулду.