Кыргызстанда, өзгөчө Бишкек шаарында таза аба көйгөйү башкы орунга чыкты. Таза сууну, таза продуктуну сатып алууга мүмкүнчүлүк бар. Деги таза абаны кайдан табабыз? Бул суроо ар бир жашоочуну ойлонтушу керек. Бишкектин абасынын булганышына байланыштуу бизнес сектор, өкмөттүк эмес экологиялык уюмдардын өкүлдөрү үн катып, өз сунуштарын берди.
Демилгелүү топ өкмөт башчы Сапар Исаковго кат жолдоп Кыргызстанда жашыл экономиканы жайылтуу чараларын күчөтүүнү, ал үчүн экологиялык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда мекемелер аралык комиссия түзүүнү сунуштады. Комиссия таштандыларды кайра иштетүү, жаратылыш байлыктарын сактоо, маданий мурастарды коргоо, эмгек жана ден соолукту сактоо боюнча иш алып баруу керектигин белгилешти.
«BizExpert» аналитикалык борборунун директору Улук Кыдырбаевдин пикиринде, Кыргызстанда экологияны сактоо, жашыл экономиканы жайылтууда жаратылышка карата зыян келтирген адамга мыйзам негизинде айыптоо эмес, тескерисинче колдоо иш-чараларын киргизүү керек.
“Маселен, кайсы бир ишкерди мамлекет жаратылышты сактоого өбөлгө болгон ишкерчилик кылсаң, сага ушундай жеңилдик берилет деши керек болчу. Бирок бизде тескерисинче болууда. Маселени чечүү үчүн системалык иш-аракеттерди жүргүзүү керек. Жашыл технологияларды колдонуу, мисалы күн энергиясын колдонуу керек. Бул технологияларды Кыргызстанга алып келүү үчүн бажы төлөмү аз же болбосо таптакыр жок болушу керек. Учурда буларды алып келүүдө бажы төлөмү 15 пайызга чейин турат. Албетте бул баа биздин жарандар үчүн кымбат. Жөнөкөй эле мисал: Сиз желим бөтөлкөдө суу сатып алдыңыз, сууну ичкен соң аны ыргытасыз. Эгерде айнек идиштеги сууну сатып алсаңыз, ал идишти кайра тазалап, суу куйганга болот. Бул экологияга алда канча пайда алып келмек”,-деди Кыдырбаев.
Абаны тазалоо түйшүгү көңүл чордонунда турган мезгилде борбор калаанын көчөлөрүндөгү кымгуут унааларды заманбап технологияга өткөрүү сунушун берет Улук Кыдырбаев
“Жаңы унаалардын баасы төмөн, бирок айдоочулар эски унааларды алышат. Айдоочулардын укуктарын чектебей, өкмөт аларга шарт коюушу керек: гибрид же электр тогу менен жүргөн унаа айдагандарга унаанын баасынын кайсы бир пайызын кайтарып беребиз деши керек. Бул тажрыйба чет өлкөлөрдө жакшы жайылган. Абага зыяны жок унаа алгандарга унаанын жалпы наркынын 30 пайызын мамлекет төлөп берет”,-деп кошумчалады Улук Кыдырбаев.
Көз карандысыз эксперт Элмира Жумакадырова биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө макулдашуу, БУУнун чөлгө айланууга каршы чарасы, ушул эле уюмдун алкактык климаттын өзгөрүшү жөнүндө макулдашуу туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүгө багытталганын эске салды.
“Азыркы учурда Кыргызстанда мамлекеттик экологиялык көзөмөлдөө системасы, экологиялык башкаруу, экономикалык түрткү берүү механизмдери иш жүзүндө репрессиялык чаралардын негизинде жүзөгө ашырылат. Ошол эле учурда экологиялык таза бизнес чөйрөнү коргоо ишин “куткарат”, бизнес менен салыштырганда начар шарттарда кетүү керек. Натыйжада сатып алуу үчүн жеткирүүнүчүнүн тандоодо негизги критерий көбүнчө төмөнкү наркы болуп саналат. Мындай мамиленин коркунучтуулугу мамлекеттик, анын ичинде өндүрүүнүн, керектөөнүн жана айлана-чөйрө боюнча сатып алынган материалдык жыргалчылыктарды жана тескөө терс таасирин тийгизиши ыктымал”,-деди Жумакадырова.
Жогоруда баяндалган критерийлердин негизинде бизнес сектор экологиялык уюмдар менен биргеликте мекемелер аралык жумушчу тобун түзүүнү сунуштады.
Жумушчу тобу төмөнкү иш-чараларды жүзөгө ашырышы керек:
Кыргызстанда жашыл экономиканын өнүгүшү үчүн экономикалык стимул механизмдерин иштеп чыгуу;
Таштандыларды чогултуу жана иштетүү боюнча уюштуруу салымдарды тартуу;
Мыкты, жеткиликтүү технологияларды ишке ашыруу, суу тазалоочу системалар, жашыл мамлекеттик сатып алууларды киргизүү;
Мамлекеттик-жеке өнөктөштү жөнүндө мыйзамдарды кароого жаратылыш ресурстарын пайдалануу;
Айлана-чөйрөнү коргоо, сактоо, пайдалануу жана маданий мурастарды коргоо кызыкчылыгы үчүн мамлекет тараптан тарыхый жана маданий эстеликтерге коммуналдык артыкчылык берүү.
Жашыл экономика деген эмне?
Жашыл экономика — жалпы экономиканы туруктуу өнүгүүгө алып келүүгө өбөлгө түзүүчү рычаг. Жашыл экономика жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана кайра калыбына келтирүү аркылуу ишке ашат.
Жашыл экономиканы өнүктүрүү бир эле Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө өтө актуалдуу болуп жаткан иш-чаралардын бири.
2015-жылы Франциянын баш калаасы Парижде өткөн эл аралык конференцияда Кыргызстан Париж келишимине кошулуп, абага зыяндуу газдарды чыгарууну 30% чейин азайтуу милдеттемесин алган.
Назгүл Бостонбаева