Нарын шаарында “Жаш ишкерлер ассоциациясы” (ЖИА) бизнес ассоциациясынын салтанаттуу ачылышы болду. Ага КРнын экономика министринин орун басары Эльадар Абакиров, ЖИАнын Жалал-Абад, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Чүй облустары боюнча өкүлдөрү, Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкулдөрү, Нарын облусунун бизнес коомчулугу катышты.
ЖИА бизнес ассоциациясы 2006-жылдын 26-декабрында “Коммерциялык эмес уюмдар” тууралуу мыйзамга ылайык негизделген. Анда ишкерлик менен алектенгендердин башын бириктирүү максаты коюлган.
ЖИА бизнес ассоциациясынын мүчөлөрү – Кыргызстандын баардык аймактарынан келген ишкерлер. Түштүктө «Ош ЖИА», «Жалал-Абад ЖИА», «Баткен ЖИА», түндүктө «Талас ЖИА», «Ысык-Көл ЖИА», «Токмок ЖИА», «Нарын ЖИА» иш алпарат.
Саламдашып жатып министрдин орун басары Э. Абакиров «Нарын ЖИАнын» өкүлдөрүн куттуктады жана Экономика министрлиги инвестицияларды тартуу демилгелерин дайыма колдоп келгенин кошумчалады.
Ачылыш аземде ЖИА бизнес ассоциациясынын бизнестери, Нарын шаарынын экономикалык өнүгүү стратегиясы тууралуу презентация көрсөтүлдү.
Эми Нарын облусунун бизнесмендери ишкердик чөйрөдө мындан да активдүү болуп баштайт деген үмүтүбүз бар.