• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Бизнес кайрымдуулук салты уланууда

1323225032_baza-karakol-11

👁 1,630

Кеп 2018-жылдын 3-февралында “ЗИЛ” тоо лыжа базасында өтүүчү “Кыргызстан кышкы туризм өлкөсү” деп аталган фестиваль тууралуу болууда.

“ЗИЛ” тоо лыжа базасынын негиздөөчүсү Акбар Рыскуловдун айтымында, совет доорунан бери популярдуу болгон база тез өнүгүүдө жана фестиваль учурунда жаңы жана эски досторун кубануу менен тосуп алат. Деңиз деңгээлинен 1850 метр бийиктикте, Бишкек шаарынан 35 чакырым алыс жайгашкан «ЗИЛ» бара-бара кыргызстандыктар үчүн “кышкы Меккеге” айлана баштады. Бул жайда түнкүсүн дагы муз тебүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду.

Мындай фестивалдар «Тогуз-Булак», «Төө-Ашуу», «Орловка» тоо лыжа базаларында дагы өткөрүлгөн. Аталган жайлардын жетекчилери жана бизнес-коомчулук кышкы спортту, активдүү эс алууну жарнамалоо менен катар эле фестивалдан чогулган каражат муктаж болгондорго берилет. Алгач 2010-жылы өткөрүлгөн фестивалдан тарта Балдардын №1 кургак учук ооруканасына, «Нурмээайса» балдар үйүнө, Балдар онкология борборуна, Республикалык кан борборуна, «Боорукердик» жана «Ал­тын Уя» балдар үйүнө, Ак-Суудагы аялдардын психоневрологиялык жатак-үйүнө ж.б. көптөгөн уюмдарга жардам берилген.

“Көптөгөң жылдар бою биз ар кандай жатак үйлөргө жардам беребиз. Азырынча кимге жардам берсек деп ойлонуп жатабыз. Бул фестиваль 9-жолу өткөрүлгөнү жатат жана анын уюштуруучулары түшкөн каражатты кайрымдуулукка жумшоодон эч качан баш тартышкан эмес”,-деди КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы Койчуманов Талайбек Джумашевич.

Уюштуруучулар – JICA ассоциациясы, “Жөө туризм биримдиги”, “Бишкек ишкердик клубу”, Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеш, Туризм департаменти, бизнес өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү. Ошондой эле «Ретро FM» радиосу дагы иш-чараны өткөрүүдө көмөк көрсөтүп, фестиваль бүткүчө шаңдуу музыка менен катышуучулардын көңүлүн көтөрүп турат.

“Шаардыктарды активдүү эс алууга жана спортко тартуу” биз үчүн салт болуп калган. Башка күндөрдөгү фестивалдардай эле журналисттер үчүн бекер микроватобус жалдайбыз жана катышуучуларды жеңилдетүү менен ташып, тоо-лыжа жабдууларын алууга 50% жеңилдик беребиз. Ошондой эле ар түрдүү оюндар дагы болот”,-дейт Жөө туризм биримдигинин аткаруучу директору Марат Даниэль.

“Эң оригиналдуу костюм”, “Бир буттуу лыжачы”, “Үч буттуу лыжачы”, “Карларды чакалап ташуу”, “Носорог”, “Аркан тартышмай”, “Үй куруу” сыяктуу оюндар уюштурулат.

Ар бир оюн күлкү, шаң, тамаша менен коштолуп, катышуучуларга бекер чай берилип, муз тебүү да бекер болот. Ал эми сүрөткө түшүүнү сүйгөндөр үчүн бул күн өтө кызыктуу болуп, унутулгус күндү сүрөттү көрүп эстеп турушат.

Ошондой эле селфи кылганды сүйгөндөр үчүн «Selfie» сынагы дагы бар. Ага катышуучулар оригиналдуу сүрөткө түшү, аны инстаграммга жүктөөсү керек. Күндүн аягында мыкты селфи кылгандар белек алышат.

«ЗИЛ» тоо лыжа базасына жакын жайгашкан Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылынын тургундарына жеңилдиктер берилет. Базанын эсебинен жергиликтүү клуб 600 миң сомго оңдолгон.
“Шаардын ызы-чуусунан тоого келип эс алып кетүү кандай сонун. Мен лыжаны 1978-жылдан тарта тээп келем, анда биринчи жолу Чоң-Ташка баргам. Ошол күндөн тарта кышкы спорттук иш-чараларды калтырбай катышып келем”,-деди Лариса Ращупкина.

Оюн автоматтарынан баштары чыкпай күн өткөрүп жаткан жаштардын баары тоого эс алууга келсе кандай сонун болмок эле. Балким фестиваль тууралуу маалымат жана катышуучулардын сүрөттөрү балким алардын спортко болгон кызыгуусун арттыраттыр.

Ал эми бул иш-чараны уюштуруучуларга бали десек болот, себеби фестивалга келген туристтер дагы “Кыргызстан кышкы туризм өлкөсү” экенин далилдешет.

Ирина Байрамукова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости