Бизнес ассоциациялар менен бирге өзгөчө экономикалык аймактар боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатат. Бул тууралуу 31-январда Бишкекте өткөн бизнес форумда эл өкүлү Махабат Мавлянова билдирди.
Анын айтуусунда, мыйзам долбоору иштелип чыкса Кыргызстандын өзгөчө экономикалык аймактары аныкталып, ал жерде салыктык жеңилдиктер, ишкердикти колдоолор жүзөгө ашырылат.
Ошол эле учурда, бизнес өкүлдөрү бүгүнкү күндө ишкерлик чөйрөсүндө бир топ мыйзамдар бар болгону менен алар иштебейт дешүүдө. Алардын пикиринде, өкмөт бизнес ассоциацияларынын көмөгү менен кайсы жерде алешемдик бар экенин аныктап ошого жараша иш алып барышы керек.