• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Бизнес билимге муктаж

img_4034

👁 2,028

BIF-2017 Бишкек инвестициялык форуму ишкерлер тараптан сапаттуу бизнес долбоорлорду күтүп жатат. Быйылкы жылга республика боюнча мыкты делген долбоорлор кабыл алынат. 20-ноябрда алардын саны так белгилүү болот.

Бишкек инвестициялык форуму быйыл дагы ишкерлер тараптан сапаттуу бизнес долбоорлорду күтөт. Учурда республика боюнча кабыл алынып жатат. Максаты ишкерлердин каржы маселесин чечүү жана аларга багыт берүү. Тагыраагы ата мекендик ишкерлер бир гана рынок менен эмес, бир канчасына чыгарууну көздөйт. Бул тууралуу ЖИА Бизнес ассоциациясынын башкаруу кеңешинин мүчөсү Урмат Акматов кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга токтолуп альтернативдүү жолдор каралышы керек деди.

Жакында эле Казакстан менен чек ара маселесинде көрдүк. Ошондуктан өзүбүздүн базарды бөлүштүрүп диверсификация кылбасак бизге көйгөй жаратып жатат. Мындан улам биз ишкерлер үчүн жаңы рынокторду карашыбыз керек. BIF—2017 форумунда ушул багыттарды талкуулайбыз.

Форум өткөн биринчи жылда ишкерлер тараптан 150 долбоор келип түшкөн. Анын ичинен 40ы тандалган. Жыйынтыгында жети долбоор боюнча инвесторлор менен 750миң долларга өнөктөш табылган. Кийинки жылы инвестор менен иштешем деген 250 ишкерден кайрылуу келген. Форумда анын ичинен атаандаштыкка туруштук бере алат делген 60ы инвесторлорго сунушталган. Мындан 5 долбоор 2млн 800миң долларга каражат тапкан.

Уюштуруучулардын айтымында форумда чыккан долбоорлорго кызыгуулар көп. Орто эсеп менен бир долбоорго жылына 5 же 6 инвестор кайрылып жатат. Бирок кызыгып келген инвесторду кармап калуу жолдорун ишкерлер дагы деле жөндөп кете элек экенин ЖИА бизне ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров билдирди.

Анын билдирүүсүндө, быйыл аймактардагы ишкерлерге эки багыттагы окутуулар өткөрүлдү. Анда идеяны долбоор кылып жазуу, инвестор менен сүйлөшүү жана аны кармап калуу сыяктуу сабактар берилди. Бул окуулар дагы жетишпейт дейт. Бул багытта биринчи жолу видео роликтер тартылып ишкерлерге социалдык тармактар жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу таратыла баштады.

Тренингдерди дайыма өткөрүүгө чамабыз жетпегендигине байланыштуу ЖМК, социалдык тармактар аркылуу окутууларды даярдап чыктык. Анда инвестор деген ким? инвестор менен кандай келишим түзүлөт? инвесторду кантип кызыктыруу керек? деген темаларда бүгүнкү күндө 3 ролигибиз даяр болду..

Аймактардагы ишкерлерди окутуу маалында негизги үч чоң маселе белгиленген. Бизнес аналитик Санжар Абакиров негизгилеринин бири катары аймактагы ишкерлердин каржы булактарын таба билбегендиги жана инвестор менен иштешүүнү билбегенин атады.

Аймактардагы көпчүлүк ишкерлер инвестор менен кантип иштешүү керектигин, деги эле кандай инестор керек экенин так билишпейт. Экинчиден каржылоонун баскычтары… Мындан тышкары белгилей кетүүчү жагдай инвестор бир гана банк же микрокредиттик компания боло алат деген түшүнүктөн алыстоо. Үчүнчүдөн ишкерлер узак мөөнөткө пландоону билбей жатат. Ошондуктан маалыматты көбүрөөк жеткирип туруу зарыл болууда. 

BIF-2017 Бизнес форуму жакында декабрдын башында Бишкек шаарында өтөт. Ага ата мекендик ишкерлер катышат. Ал эми инвесторлордун көбү быйыл Монголия,Түштүк Кореядан жана Индия сыяктуу өлкөлөрдөн экени айтылууда.

Үстүбүздөгү жылы өткөн эки жылдан дагы жогорку деңгээлде өтөөрү пландалууда.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости