• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Бизнес баштап жатып кантип күйүп кетпеш керек?

????????????????????????????????????

👁 9,085

Ар бир бизнести баштоо үчүн сөзсүз түрдө каражат салуу керек. Имаратты оңдоо, жабдуу сатып алуу, кызматкерлерди алуу, товардын үлгүсүн түзүү – мунун баарына каражат керек. Аларды кайдан тапса болот?

Ишин жаңы баштаган ишкерде негизги дагы, жүгүртүүгө чыгара турчу дагы каражаты жок да. Төмөндө бул абалдан кантип чыгуу жолдору жазылган.

Киреше алып келбеген бизнес- бул хобби.

Жеке каражаттар

Алгачкы чыгымдарды жабуу үчүн чогултулган каражаттар. Эмнеге болбосун? Өзүн чогулткан акчалар эч кимден көз каранды болбой, бизнеске толук ээлик кылуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бирок ал акчалар бардык чыгымдарды жабууга жетеби маселе ошондо.

Бизнесиңиз өнүгүп, алгачкы кирешеңиз болуп, кардарлар топтоло баштаса го жакшы. Бирок бизнес кирешенин эсебинен гана өсүүсү үчүн киреше көп сумма болушу керек, бул болсо дароо эле болбойт. Анын үстүнө бизнестен сырткары башка жашоо дагы бар да: унааны алмаштыргың келет, үй алгың келет ж.б.

Бардык кирешени жүгүртүүгө киргизүү менен үй-бүлөнү бакканга каражатсыз калышыңыз мүмкүн.

Бизнес киреше булагы болбой кадат. Эгерде сиздин бизнес кирешелүү болсо, бирок анын баары эле кайра бизнеске кетип жатса анын пайдасы эмнеде? Анда насыя алуу керекпи же инвестор табуу керекпи деп ойлонуп көрүү зарыл.

Банктан насыя алуу

Насыя – ишин жаңы баштаган жана долбоорун ишке ашыруу үчүн киреше булагын издеп жүргөн бизнесмен дароо ушул тууралуу ойлонот. Бирок көпчүлүгүн банктын терс жообу кооптондурат. Банктар бизнести өнүктүрүү үчүн насыяны өтө кылдаттык менен беришет.

ЭКОНОМИКА буга чейин банктар үчүн бизнес-планды кантип туура жазуу керектиги тууралуу жазган болчу. Алар тобокелчиликтерди абдан дыкаттык менен текшерип, миллион документ сурашы мүмкүн.

Эгерде аз каражат керек болсо анда керектөөчү насыя алса болот. Анда документтерден паспорт жана кирешеси тууралуу справка жетиштүү.

Керектөөлөргө бир нече насыя алса болот.

Бирок банктарга насыя алуу үчүн жакынкы аралыкта аны кайтарып берүүгө күчүңүз жетерин билсеңиз гана барыңыз.

Эң башкысы төлөө мөөнөттөрүндө адашып калбоо жана карызга батпоо. Анын үстүнө насыя алуудагы айрым операциялар бекер эмес. Керектөөчү насыясында дагы бир кемчилик – үстөк пайызынын жогорулугунда. Бирок эгеде жеңилдетилген насыяга илинип калсаңыз, анда банкка насыяны пайызсыз берсе болот.

Микрокаржылоо

Микрокредиттик уюмдар банктарга эле окшош. Эгер сиз бизнес баштап жатсаңыз банктар насыя берүүдөн баш тартып койсо, анда анын ордун микрокредиттик уюмдар басат. Чындыгында, карызды жеңил жол менен алуу пайыздык үстөгү жогору болгондуктан аны көп адам алууну каалабайт. Ал жакка баруудан мурун бир нече банктардагы үстөк пайызды салыштырып чыгыңыз.

Инвестор

Эгерде сиздин бизнес инновациялык болсо – бул эң жакшы вариант. Биринчиден, сиз компьютериңиз гана бар болсо дагы миллион доллар алсаңыз болот. Экинчиден, бизнести алып кете аласыз, үчүнчүдөн сиз акчаны кайтарып бербейсиз.

Негизи инвестор сиздин бизнестин бир бөлүгүн сатып алып, сиз менен бирге ээси болот. Ири инвесторлор фирмалардын жарымын алышат. Ошондуктан ал каражаттарын салууга даяр. Менчик ээлеринин ортосундагы мамиле макулдашуу менен бекитилип, ал жакта башкаруучуларды ким жумушка алып жумуштан кетирери, өзүнө тиешелүү бөлүктү сатуу сыяктуу учурлар жазылган болот. Ушул учурдан баштап сиз бардык ийгиликтериңизди жана жагымсыз күндөрүңүздү инвестор менен бөлүшө баштайсыз. Бул жакта да коркунучтар бар. Инвестор каражаттарды бөлүүнү токтотуп койгон учурлар да бар. Алардын ордунда банк болсо сотко кайрылсаңыз болмок, бирок бизнесте мындай жобо жок.

Бирок инвестор – сиздин компаниянын тең төрагасы, эгерде ал менен мамилеңиз бузулса, бул өтө кооптуу.

Башка коркунуч адамдык фактор. Күтүүсүз каражаттар келген учурда көпчүлүктүн мээси иштебей калат. Көп жылдардан бери баш тартып жүргөн нерсеге жетсе болчудай сезилет.

Кеңештер

Ишти баштоо үчүн ойлонуу керек, бардык күчтү топтоп, каражат тартуу зарыл. Ишкерге оңой болбойт. Эгерде коркуп отура бербей, ишти баштап алсаңыз баары жакшы болот. Өз ишиңди баштоо үчүн жылдап акча чогултуунун кереги жок! Балким насыя алуу айтып жүрүшкөндөй өтө деле коркунучтуу эместир! Инвестор тартуу балким өтө жеңил болоттур.

Каражат табуу кыйын эмес аны колдонуу кыйын.

Иш баштаган бизнесмендердин катасы алар бизнесин өтө тездик менен кеңейтип баштаганында, алар ички процесстерге көңүл бурушпайт. Алар кол эмгегин көп колдонушат, себеби автоматташтырылган жабдууну сатып алууга каражаты жетпейт же аны алуудан коркушат.

Акырында бир каалоо.

Ишкерликте өз ордун табуу үчүн сүйүктүү ишиңиз менен алек болуп жатсаңыз жана ал киреше алып келбесе – бул хобби экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Бизнести ачуу менен башкаларды ойлоо керек. Жаккан нерсең менен алек болуу сонун. Бирок бизнесте сиздин кардарлар дагы аны жактыра баштаганда баары башкача болот.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости