“БАУА 2007-жылы 13-ноябрда бизнес-ассоциациялардын биринчи улуттук форумунда түзүлгөн. Ага 10 жыл мурда жалпы 10 бизнес-ассоциациялар кирсе, учурда алардын саны 75ке жеткен. Чындыгында өлкөдө бизнес-ассоциациялардын саны көп. Бирок биздин максат аларды каттоого алуу эмес, аларга, башкача айтканда биздин мүчөлөргө бизнес жүргүзүү боюнча жол көрсөтүү, аларга эксперттик колдоо көрсөтүп, ишкерликтеги актуалдуу маселелерди чечүүгө жардамдашуу”,-деди майрам учурунда анын төрагасы Улук Кыдырбаев.
КРнын Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиевдин айтымында 10 жыл бул альянстын ишине баа берүүгө убакыт келди дегенди билдирет.
Депутат Махабат Мавлянова дагы бул пикирди колдоду. “БАУА – бул өлкөнүн бизнес-коомчулугунун чоң өкүлү. Анын үнүн мамлекет жана бизнес угат. Бирок учурда өлкөдө ата мекендик бизнести колдоочу бирдиктүү система жок экенин моюнга алуу керек: ар кандай донордук долбоорлордун жана гранттардын алкагында эле бейөкмөт уюмдары тарабынан колдоо болуп жатканы чындык. Коңшу Казакстанда Бизнести колдоо жана ишкерлик саясатын иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү борбор көптөн бери эле иштеп келет. Ал жакта бирдиктүү сайт дагы бар жана ал сайт аркылуу шаардыктар, аймактагылар бизнес тууралуу баардык маалыматтарды ала алышат. Кыргызстан дагы ушундай практиканы колдонуусу керек. БАУА КРдагы чакан жана орто бизнестин өнүгүүсүнө зор салым кошууда”,-деди эл өкүлү.
Өз сөзүндө агро бизнесмендердин “Жер Азыгы” ассоциациясынын аткаруучу директору Азиза Юлдашева ЕАЭБге кирүү менен ата мекендик агрардык тармак экспортко даяр эмес экени белгилүү болгонун билдирди. Мындай көйгөйлөр экономиканын башка тармактарында дагы бар. “Мамлекет бул Бишкек шаары жана Чү облусу гана эмес. Өлкө президенти аймактарды өнүктүрүүгө басым жасап жатканы эң туура, демек алыс жактардагы бизнестин үнүн угууга мезгил келип жетти. Себеби аймактардагы бизнестин экономикалык жактан аксап жаткандыгы эмгек миграциясынын көрсөткүчтөрүң жогору кылууда. Жаштардын баары үй-бүлөлөрүн чет жактан акча которуу менен багып жатышат. Бул канчага чейин созулушу керек? Бул агрардык тармактагы реформалар эффективдүү болбогонунан кабар берет”,-деди ал.
Чакан ГЭСтер ассоциациясынын президенти Эльвира Боромбаева өкмөттү бул ассоциациялардын үнүн угууга чакырды. “Кыргызстанда күн өткөн сайын чакан ГЭСтерге болгон суроо-талап өсүүдө, бирок мыйзамдагы карама-каршылыктардын жана так механизмдердин жоктугунан улам инвесторлор Кыргызстанда чакан ГЭС курууга кызыкпай жатышат”,-деди ал.
Канча бизнес-ассоциациясы болсо ошончо пикир айтылды. Ал эми КРнын Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев бизнес коомчулукту мамлекет менен биргеликте иш алпарууга чакырды. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, БАУА 83 иш-чара өткөрүүнү сунуштаган. Анын ичинен 16сы өткөрүлүп, “Жаңы доорго кырк кадам” программасынын алкагында 25 программа эске алынган, 10 иш-чара ишке ашуу алдында турат ал эми 29 иш-чара мамлекеттик органдар тарабынан изилдениши керек, ал эми 3 иш-чара эске алынган жок.
БАУА мамлекеттик масштабдагы маанилүү чечимди кабыл аларда комплекстүү анализ жүргүзүү, иликтеп, изилдеп, баалоо керектигин билдирди. Мисал издеп алыска барбай эле койсок болот: ЖЭБди ойлонбой оңдоо жылуулук-энергетикалык тармакта башаламандыкка алып келди.
Ал эми Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсынын жетекчиси Улук Кыдырбаев КРнын Экономика министри Артем Новиковдон Ардак грамота алды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Замирбек Осмоновдон ыраазычылык кат алды.
Ирина Байрамукова