• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Бизнес — алтын күздөгү идеялар

4_3

👁 2,799

Күзүндө биздин сейил бактар, короо-жайыбыз, көчөлөр жалбырактарга толуп калат.

Жаратылыштын бул кубулушуна адамдар суктанып, сейилдеп жүрүшкөнү менен мэриянын, “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери үчүн жалбырактарды эмне кылуу керек деген маселе жаралат. www.ekk.kg бул суроого жооп издеп көрдү.

Чогулган жалбырактарды өрттөбөө керек

Жалбырактарга көмүлгөн көчөлөрдү тазалоо керек, себеби бул шаар көркүн бузат дагы, тазалык сакталбагандай түр жаратат. Бишкек шаары боюнча таштандыларды ташуу боюнча анализдин жыйынтыгына ылайык, жыл сайын күз айларында жерге түшкөн жалбырак шаардагы атайын кызматтар үчүн “баш ооруну” жаратары белгилүү болгон. Жалбырактын бир бөлүгү таштанды полигонуна жеткирилип, бир далай жерди ээлеп калат.

Калган жалбырактарды шаар тургундары өрттөп жиберишет. Ал эми экологдор болсо жалбырактарды өрттөбөө керектигин билдирип келишет. Аны өрттөгөндө абага зыяндуу заттар бөлүнүп чыгып, ар түрдүү ооруларды, аллергияны чакырарын айтышууда.

“Коңшуларым жалбырактарын өрттөртөөгө…Дем алганга аба жок. Кайда кайрылуу керек?” Ушундай суроолор социалдык түйүндөрдө күн санап өсүүдө.
«Ырыстан» коомдук фондунун жетекчиси, эколог Дмитрий Ветошкин: “Жалбыракты өрттөөдөн зыяндуу заттар чыгат. Түтөп жаткан 1 тонна жалбырактан абага 30 кг бензипрен, диоксин ж.б. сыяктуу уулуу заттар бөлүнөт. Ошондуктан жалбыракты өрттөө өнөр-жайынан чыккан уулуу заттарга барабар” –деди.

Айыппул салынат!

“Жалбыракты өрттөө менен биз ууланып жатабыз” деп аталган экологиялык кампания өткөрүлгөнү менен экологиялык билимдери жок болгондуктан шаардыктар бул адатын калтырбай келишет, алар ушундай жол менен айлана-тегерегин тазалоого көнуп калышкан. Көпчүлүк учурда жалбырактарды шыпырып тазалоого окуучулар тартылат. Мектептердин жетекчилиги бул ишти кылууга райондордун, шаарлардын администрациясы мажбурлап жатканын айтып келишет.

Экологдордун суранычын түшүнбөгөндөрдү эми “акча” менен жазалоого туура келген. Айыппул 2 миңден 20 миң сомго чейин жетет же жалбырактарды өрттөгөндөр коомдук жумушка тартылышат. Айыппулду Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы жазат.

Волонтерлор болсо жалбырактарды каптарга салып, чогултуп коюну, аны кийин “Тазалык” кызматкерлери алып кетерин айтып келшиет. “Учурда унаалардан жана ТЭЦтен баш тарта албасак дагы жалбырактарды өрттөбөй кое алабыз. Аны менен шаардын абасынын кирдешин алдын алабыз”

Жалбыракты каякка жоготобуз?

Экологдор жерге түшкөн жалбырактарды жерди терең казып көмүп салуу керек дешет. Алар бат чириши үчүн биокаражаттарды колдонос да болот дешет. 1–2 жылдан кийин жалбырак топуракты байытат экен. Баса, Германияда жалбырактан жасалма топурак алышат.

КРнын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуусу Дмитрий Мильконун айтымында, бир кышта эле жалбырактын баары чирип, топуракка кошулат. Бирок бул Орто Азияда өскөн дарактар болушу керек. “Борбордо эмен гана Борбор Азияга тиешеси жок дарак. Аны адамдар 130–140 жыл мурун алып келишип, отургузушкан. Эмендин жалбырактары деле чирийт. Пайдалуу микроэлементтерди камтыган жалбырактарды эмнеге өрттөш керек? Бул зыяндуу экенин билип туруп мамлекеттик мекемелердин жетекчилиги эмнеге ишембиликтерди уюштуруп, жалбырактарды өрттөөгө жол берет?”-деди Д. Милько.

Жалбырактан арылуунун дагы бир жолу жалбырактардын чириндисин алуу. Ал топурактын курамын жакшыртат. Жалбырактын чириндисин жасоо оңой. Чогулган жалбырактарды суулап, басып, каптарга салуу керек дагы аба кирип туруусу үчүн 4–5 жеринен тешип коюу керек. Келерки жылы чиринди даяр болот.

Өрттөө керек болсо – анда пайда көрүү кажет!

Жалбырактардан отун жасаса болот – бул бизнес кылуу үчүн эң сонун идея. Кадимки жалбырапкты жагуу бир топ түйшүктөрдү жаратат эмеспи, ошондуктан башка жол табылган. Кургатылган жана пресстелген жалбырактардын отуну пайда болду.

Ишкер Александр Жигалов жерге түшкөн жальбыракка башкача көз караш менен карайт. Ал жалбыракты киреше, бизнесинин негизи катары көрөт. Ал жалбырактардан отун брикетин жасайт.

“Анын табы жогорку сапаттагы көмүр менен барабар. Жыгач отундан 2–3 эсе жогору. Жаратылыш байлыктарга өтө бай экен да. Баардык жалбырактарды чогултуу мүмкүн эмес, бирок кандайдыр бир бөлүгүн киреше табууга жумшаса болот экен”,-деди ал.

Отундун мындай түрү Англияда колдонулуп келет. Күйгөн брикеттер түтүндү аз чыгарат. Британиялык «BioFuelsInternationa» компаниясы дал ушул жалбырактан отундарды чыгарат.

Айрым ишкерлер үй шартында жалбырак брекеттерин жасашат. Бул колунда жоктор үчүн эң жакшы табылга.

Ишкер Максим Сорока 3 кг брикет 1 куб м газдын ордун басарын билдирди. Теректин жалбырактары абдан жакшы тап берет. Ал өз колу менен пресс дарядап, жалбырактарды пресстейт.

Инженер Александр Латипов: «Бул биоотун. Аны каалаган киши даярдай алат. Жада калса чоң өндүрүш ачса дагы болот”-деди.

Даяр жана бекер жалбырактан даяр отун. Кыргызстанда мындай биоотун качан пайда болору белгисиз. Азырынча бир белгилүү болгону жалбырактарды өрттөп, айыппул төлөбөй, аны отко жагуу пайдалуу. Ал эми кайра калыбына келбөөчү жаратылыш ресурстарын эске алсак, анда мындай технологияны эбак эле ойлоп табуу керек болчу.

Ирина Байрамукова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости