Баткен облусуна кире бериш жерде Түркстандын тоо кыркаларынын фонунда гүлдөп турган өрүктөр унутулгус элес тартуулап, өзүңдү куду бейишке тушүп калгандай сезесиң. Нурун чачкан күн, ачык асман, кең пейил адамдар. Көз жоосун алган өрүк бактары.
Өрүктөрдүн сулуулугу жумушсуздуктан айласын таппай жаткан адамдарды, жакырчылыкты жашырып тургандай.
Бирок буруларың менен көңүлүң чөгөт. Жакырчылык!
Жергиликтүү экономист Бакыт Имаровдун айтымында, облустун өзүндө 7 миң гектарга жакын айдоо жерлери бар болсо, Баткен районунда 4 миң гектарга жакын, анын 90 пайызына өрүк отургузулган. Баткендиктер билдиргендей, 100 сомдун 90 сом кирешеси өрүктөрдөн алынат. Себеби Союз кулагандан кийин бул облуста жумуш жок, эл жер иштетүү менен жанын багып келет. Башка райондорго салыштырмалуу бул дагы болбогон эле каражат алып келет. Карабих айыл өкмөтүндө жер реформаларын өткөргөндөн кийин элдер киши башына эң көп дегенде 14 сотыхтан үлүш алышкан. Кыштут айыл өкмөтүндө 0,5 гектардан. Ошондуктан айыл-чарба өсүмдүктөрүн деле көп өстүрө албайсың.
Дыйкан Анаркул Темиркулов болсо бул жерге курманы өстүрүп көргөнүн, бирок бул аймак суук болуп каларын билдирди. Айва өсөт, бирок ал Ош, Жалал-Абад облустарында жакшы өсөт экен.
Анаркул Темиркуловдун айтымында, баткендик дыйкандардын баары өрүктү мыкты өстүрүшөт. «Бул жердин абасы, топурагы абрикосторду өстүрүүгө абдан ынгайлуу. Жада калса «баткен абрикосу» деген термин да бар. Дал ушул сорт таттуулугу менен, калийдин көптүгү менен, кальсийге, темирге, В5 витаминине бай болгону менен айырмаланып турат. Ал богок оорусу, кант диабети жана гиповитаминоз менен жабыркагандарга абдан пайдалуу. Бир сөз менен айтканда абрикос мекени»,-деди Анаркул.
Айылдын баардык жагында абрикостор өсөт. Бирок абрикоско бай айыл Баткен районунун Кара-Бак айылы. Ал Тажикстандан 2 чакырым алыстыкта жайгашкан. Дыйкандар колу менен алыста жайгашкан үйдү көрсөтүшүп, ал жакта арыктын наркы бетинде тажик чек арасынын ары жагындагы үй турганын айтышты. Ал эми 10 чакырым алыстыкта өзбек чек арасы жайгашкан, бирок бул чек ара тикенектүү зым менен тосулган. Жанында Өзбекстандын Сох анклавы. Бул жерде дагы чек аранын нары жагында дыйкандар жашашат.
«Тажиктер жана өзбектер дайыма жер иштетип келишкен. Бирок бул жерлер оозеки түрдө эле алардын жери аталбаса, анын 99%ын кыргыздар иштетип келишет. Ал жер мурда аларды кызыктырган эмес, себеби суу жок болуп накта эле чөлгө окшош эле. Аны1960-жылы өкмөттүн буйругу менен Зардалы айылынан көчүрүлүп келген биздин ата-бабаларыбыз иштетип башташкан. Баса, «зардалы» сөзү «абрикос» деп которулат. Менин чоң атам жана чоң апам бул жерлерди кетмендеп, абрикос көчөтүн отургузганы али эсимде. Ал эми азыр бул жер түшүм бере баштаганда аны коңшулар колдонушууда»,-деди багбан.
Багбан Курманбек Масеитов: «Биз тажиктер жана өзбектер менен дайыма достукта жашаганбыз. СССР малында конокко барып турчубуз, алар бизге келишчү. Алар жер иштетүүдө өтө тажрыйбалуу. Бирок азыр баары чек аранын ар тарабында жашайт жана алар дагы оокатын өткөрүү керек. Коңшулар Казакстан, Россия менен соода кылат. Биз болсо Кыргызстандын өнүмүн алар аркылуу гана сата алабыз. Башкача айтканда алар биздин абрикосторду сатып алышып, Россияга өз бренди катары сатышат».
Эмнеге? Кыргыздар эптеп күн өткөрүп жатышат. Алар кантип жашоосун улантуусу керек? Абрикосуңду сата албасаң жашоо үчүн каражат жок болот. Учурда Баткенде эгерде Тажикстанда өнөктөш-досуң болсо, сен утуштасың деген сөз өтө популярдуу. Баары логикага ылайык болууда: Исфара Баткенден 10 чакырым алыста жайгашкан, ал жакка тажиктер Кыргызстан аркылуу келишет жана кыргызстандыктар менен урушууда эч кандай пайда табышпайт. Ал эми Өзбекстан аркылуу өтүү алар үчүн көйгөй жаратат.
«Мекемелердин жетекчилери, президенттер алмашууда. Биринчи президент Аскар Акаев биздин бакчага келгени эсимде. Ошондо ал түшүм сатууга жардамдашам деп убада берген эле, бирок анын доору бүтүп калды. Кийин Айыл-чарба министрлигинен келишти. Жеп-ичишти, абрикос алышты, убада беришти да изин суутушту. Эми эч кимден жардам күтпөй калдык. Өзүбүзгө гана ишенебиз. Унаабыз жок, кедейбиз. Түшүмдү Бишкекке алып бара албайыз, жол алыс. Тажиктерге сатуу жеңил. Облуста абрикос алгандар жок, себеби баары аны өстүрөт. »,-деди Касым Юлдашев.
«Россияга жана Казакстанга Тажикстан аркылуу гана кире алабыз. Коңшулар биздин түшүмдөрдү сатып алышып, дүңүнөн алда канча кымбат сатышат. Бизди баары унутуп калгандай. Мамлекеттен үмүттөнөбүз, бирок эч нерсе өзгөрбөй эле. Болгону жогору жактан президенттер алмашууда «,-деди дыйкан Абдыразак Нуралиев.
«Тажиктер силердин аткаминерлер бут алдында алтын жатканын сезбейби деп таң калышат. Уялып да кетебиз.Эч кандай долбоорлорго ишенбей калдык. Бизге бейишти убада кылышып, тренингдерде окутуп башташат, аны биз ансыз деле жакшы билебиз да. Чындыгында көйгөйүбүз менен бетме-бет калабыз. Эми сиз журналист экенсиз бизди алдабайттырсыз. Журналисттер дыйкандар тууралуу жазганды жаман көрүшөт. Биз тууралуу чындыкты жазыңызчы» ‚-дешти мени тегеректеп турган дыйкандар.
Түшүмдү сатуу керек. Бул дыйкан үчүн абадай керек нерсе. Алар эл аралык рынок тууралуу да кыялданышат экен. Баткен абрикосу уникалдуу экени талашсыз. Дыйкандар учурда алар тажиктер менен бирге эл аралык кооператив түзүүнү кыялданып жатышканын жашырышкан жок.
Ирина Байрамукова