“БизЭксперт” аналитикалык борбору КРнын Башкы прокурору И.Жолдубаевага тиешелүү бөлүмгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген нормативдик-укуктук актынын мыйзамдуулугун текшерүү тапшырмасын берүү өтүнүчү менен кайрылды. Ошондой эле бул нормативдик-укуктук актылар боюнча коррупциялык тобокелчиликтерди текшерүүнү суранган.
2017-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №175-токтому менен Кыргыз Республикасындагы чакан гидроэлектростанцияларды куруу боюнча тендерге катышууга укук берүү тууралуу жобо бекитилген.
Жобого ылайык, Кыргыз Республикасында чакан гидрожлектростанцияларды куруу укугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жарыяланган тендерди утуп алгандарга гана берилет. 5-беренесинин 32-пунктунда чакан гидроэлектростанцияларды куруу укугу Комиссиянын чечиминин негизинде жана макулдашуу түзгөндөн кийин гана берилери жазылган. Жогорудагы Жобону иштеп чыгуу Өкмөт тарабынан КРнын 1997-жылдын 28-январында кабыл алынган “Электроэнергиясы тууралуу” мыйзамынын 19–20-беренелерине ылайык жүргүзүлгөн. Анда компетенттүү мамлекеттик органдар энергетикалык жабдууларды курууда тендер тууралуу жарыя берет деп жазылган.
Бирок КРнын “Энергиянын кайра жаралуучу булактары” тууралуу мыйзамына ылайык, Энергиянын кайра жаралуучу булактарын курууда тендерди өткөрүү милдеттүү эмес.
“Энергиянын кайра жаралуучу булактары” тууралуу мыйзамынын 2-беренесине ылайык, жөнгө салуу объекттери жылуулукту, электр энергиясын жана энергиянын кайра жаралуу булактарын пайдалануу менен отунду өндүрүү, керектөө жана сатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында энергиянын кайра жаралуу булактары тармагындагы жабдууларды жана технологияларды өндүрүү жана берүү болуп эсептелет. Ошентип “Энергиянын кайра жаралуучу булактары” чакан ГЭСтер тармагынын ишин жөнгө салуучу акт болуп калууда.
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 2-июлундагы “Нормативдик-укуктук актылар тууралуу” мыйзамынын 32-беренесине ылайык, бул чөйрөдөгү мамилелерди жөнгө салуучу орду иш милдетин бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук ортосунда карама-каршылык келген учурда бул тармактын укуктарын жөнгө салуучу актынын жобосу бар. Мыйзамдагы укуктук анализ Кыргыз Республикасында чакан ГЭСтерди куруу укугун алууда эч кандай чектөөлөр жок экенин көрсөттү жана тендерге катышпастан эле өз укуктарын эркин ишке ашырса болору белгилүү болду.
“Кыргыз Республикасынын прокуратурасы тууралуу” мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүктү органдары тарабынан чыгарылган ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле ушул беренеде көрсөтүлгөн органдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан чыгарылган укуктук актылардын мыйзамдарга ылайык келүүсү көзөмөлдүн предмети болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу” мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, коррупцияны алдын алуу ченемдик укуктук актылардын жана алардын долбоорлорунун коррупцияга каршы экспертизасы аркылуу жүзөгө ашырылат.
Жогоруда жазылгандардын негизинде «БизЭксперт» коомдук фонду ишкерлик субъекттеринин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында суранат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 –токтомундагы чакан ГЭСтерди курууда укуктарды чектөө маселеси боюнча нормалардын мыйзамдуулугун текшерүүнү суранат.
- Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен өндүрүлгөн электр энергиясын сатып алууда, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу орнотуу боюнча жайгашкан административдик-аймактык бирдиктин ири электр бөлүштүрүүчү компаниялардын иш-аракеттеринин, мыйзамдуулугун текшерүүнү.
- Жогорудагы нормативдик-укуктук акты боюнча антикоррупциялык экспертиза жүргүзүүнү.