Экономисттер улуттун үч байлыгы бар экенин билдиришүүдө: жер, эмгек жана капитал. 19–20-жылдары экономисттер капитал катары унааларды, жабдууларды, чийки заттарды айтып келишсе, 21-кылымда айлана-чөйрөнүн экономикасы тууралуу айта башташты. Эми айлана-чөйрөнү коргоого кеткен чыгымдар жаратылышка болгон салым катары бааланып калды.
Дүйнөлүк экономисттер жаратылыш айрым нерселерди кайтарымсыз берерин билдирип келишет. Мисалы, шамал данды сапырууга жардам берсе, аарылардын чаңдаштырууда салымы зор, ал эми суулар болсо өсүмдүктөрдү сугарып берет. Убакыттын өтүшү менен элдер эмгекке кандай мамиле кылуу керектиги тууралуу ойлоно башташты. Суу-бул өмүр булагы дегендей убакыттын өтүшү менен эмгектенген адамдар сууга ГЭСтерди куруп, суу сактагычтарды жасап алышты. ХХ кылымда жаратылыштын байлыктарын акчага айлантууга болгон аракеттер башталган.
Математиктер баарын эсептесе болот деп келишет. Белгилүү америкалык экономист Джозеф Стиглиц Д. Трамптын Америкада миллион жаңы жумушчу орун түзүү жана экономикалык өсүштү жылына 4 пайызга жогорулатуу тууралуу амбициялуу программасынан күмөн санарын билдирди. Эмнеге? Анткени Стиглиц чексиз рынокту сындап келет. Себеби жаратылыш ресурстары чектелүү болгондуктан кирешеге гана багыт алып, акча тууралуу гана ойлоо туура эмес. Стиглицтин пикиринде, бул куру сөзгө бир гана “жинди-экономисттер” ишениши мүмкүн.
Учурда экосистемалык кызматтардын 60%ы деградация болуп жатканы далилденген. Демек, баарын санаса болот, бирок кантип?
1997-жылы 16 америкалык жана европалык экономисттер Жер планетасы шаарларсыз, чөлдөрсүз, талааларсыз эле 60 трлн доллар турарын эсептеп чыгышкан. Бул баардык өлкөлөрдүн ИДПсынан бир нече эсеге көп.
Экономисттер океандын бир чарчы гектарынын баасы жылына 252 долларды түзөт, тропикалык токой – 2000, айдоо жер 52 доллар деп эсептеп чыгышкан.
Жаратылыш байлыктарын улуттун жетишкендиги катары саноо керек. Себеби жаратылышка туура эмес мамиле кылуу менен планетанын жашоосуна кооптуу абал жаратып жатабыз. Мухаммед Пайгамбар (САВ) бекеринен: “Эгерде эртең сурак күн келерин билсең, анда дарак отургуз”-деген эмес да.
Коңшу Казакстанда Туруктуу өнүктүрүү тренди актуалдуу болуп келүүдө. Жаратылышты коргоого кеткен чыгымдардын классификатору түзүлдү. Ал эми бизде азыр мындай нерсе жок. 2015-жылы 13 миң ижарачы бар экени белгилүү болгону менен Мамлекеттик токой чарба фондунда алар тууралуу отчеттор жок болуп чыккан. Ал эми бизнес жаратылышты канчалык деңгээлде колдонуп жатканын эсептеп чыгуу татаал иш.
Мындай учурлар көп кездешет. Мисалы, Кызыл-Үңкүр аймагында 6 млн калктын 1,2 млну жашайт. Алардын баары жаңгак токоюна жакын жашашат. Көпчүлүгү жаңгак өскөн жерлерди ижарага алып иштетишет, жаңгак чогултуп, жапайы жемиштерди теришет. Бирок жакырчылык ал жакта өтө жогору.
Эксперт Лира Жолдубаева жаратылышты колдонуудан айыл-чарбасы, гидроэнергетика, кен казуу, балык чарбасы, туризм, өндүрүш көз каранды экенин билдирди. Бул ишке экологдор, финансисттер, салык кызматы, Улуттук статистикалык комитет, бизнес баары киришүүсү керек.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик департаментинин директору А. Рустамов Кыргыз Республикасы 1996-жылы био ар түрдүүлүктү сактоо боюнча Конвенцияга кошулганын билдирди. Баким биз 60 трлн доллардын канча бөлүгү Кыргызстанга туура келерин билсек болоттур?
Ирина Байрамукова