Айрымдары тоокторду жана үй канаттууларын баккандыктан алардын калдыгын кайда таштарын билбей убара болушат! Көрсө айлана-чөйрөнү да таза кармап, кыктан да арылып, жада калса андан акча жасаса болот экен! Бирок бул үчүн индивидуалдык биогаз жабдууларын коюу керек экен!
Биогаз алуу ачытуу принциби менен жүргүзүлөт. Алгачкы иш 25 куб метр идишке чийки затты чогултуудан баштай, кыктар нымдуу болушу шарт. Ага 16 тонна кык кошулуп, 1⁄8 эсеби менен суу куюлат, аларды аралаштыруучу насос дагы коюлат. Белгилүү бир убакыттан соң алынган масса биореакторго салынып, аралаштыруу токтобойт.
“Биокесилороддук ачытуунун натыйжасында бункерден бир топ пайда табам. Биринчиден – биогаз. Анын жакшы жагы жаратылыш газы сыяктуу эле пайдаланса болот. Ал алгач газгольдерге барып, андан соң түтүктөр менен үйгө кирет. Бир сөз менен айтканда анын жардамы менен үй-бүлөм тамак бышырат. Бул газ менен кышында үйдү да жылытса болот. Бирок азырынча жылытып көрө элемин, себеби жакында эле жылытуу системасын киргиздим, бирок кышында үйдү жылытуу үчүн биогазды колдонууну пландап жатам. Жыл сайын 3 тонна көмүр жагабыз, эми болгону 1 тонна сатып алууну пландап жатам”,-дейт Алмаз.
Экинчиден – натыйжасы жогору болгон жер семирткич алам, ал түшүмдүүлүктү 30–50% жогорулатат. Бул өлкөдө арзан жер семирткич жок болуп, чет жактан алынып келингендер өтө кымбат болуп турган маалда абдан пайдалуу. Анын үстүнө био жер семирткич – бул органикалык жана ал биоөнүм өстүрүүгө чоң жардамчы. Үчүнчүдөн, чарбамда тазалык өкүм сүрүп, жагымсыз жыттар жок. Экология жакшырды!”
Бирок башка дыйкандар дагы бар. Түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн жер семирткич алганы Алмазга келгендер дагы жок эмес. Ал био жер семирткичтин тоннасын 1000 сомдон сата баштаган. Ал эми айылдаштары үчүн Алмаз Абдыкеев бекер кызмат көрсөтөт: жүк ташуучу унаасы менен жерине чейин жеткирип берет.
“Биогаз жабдуулары бат эле өзүн актайт. Себеби аларды колдонуунун натыйжасында айыл-чарбага көп пайда келет. Анын үстүнө бул бизнес-долбоор окутуучу мүнөзгө ээ, адамдар эч кандай акы төлөбөстөн эле кыктардан киреше тапканды үйрөнүүдө”,-дейт алмаз.
Ал эми жабдуунун өзү айыл өкмөтүнүн балансында турат, себеби “Кыргыз Республикасындагы радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайларга жакын жайгашкан калктуу конуштарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү” Долбоорунун алкагында айыл өкмөтү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ПРООНдун келишимдин алкагында долбоор ишке ашырылууда. Бул долбоор Орусиянын өкмөтү тарабынан каржыланат.
Малчынын жакынкы пландарында айылдыктарга био жер семирткичти арзан берип, аларга альтернативдүү энергия алууну көрсөтүү. Ошондой эле биогазды суюлтуп унааларга баллондорго куйса болот. Эгерде мындай өңдүрүштү жолго салып алса коңшуларды газ менен камсыз кылса болот. Бирок айылдыктар газ баллондорго газды толтуруу кымбат турарын айтып келишет. Бирок жалпылап аны алсак болот. Бирок башкача жол менен кетсе да болот, коңшуларга газ түтүктөрүн орнотуу зарыл.
Ирина Байрамукова