Дүйнөлүк рынок ОПЭКтин мунайды аз казып алуу боюнча макулдашуусунун аткарылышына, жаңы оюнчулардын пайда болгонуна, баалар бирдей 45 доллардан төмөн, бирде 54 доллардан жогору болгонуна көз салып турду.
Кеп башкада…
Жайында мунай рыногунда болгон бир нече окуяларды бөлүп карасак болот. Биринчиден Нигерия менен Ливиянын кайтып келиши – алардын үлүшү суткасына 3 млн баррелди түзөт. Экинчиден Венесуэлада Николас Мадуронун өкмөтүнө каршы болуп жаткан окуялардын таасиринен улам болгон туруксуздук (Венесуэла расмий түрдө суткасына 3 млн баррель казылып алынат). Үчүнчүдөн жайында унаалар көп колдонулгандуктан АКШда бензинге болгон суроо талаптын жогорулашы.
Жогоруда саналган фактылардын баары кара алтынга таасирин тийгизбей койгон жок. Мунайга болгон баанын жогорулашы ири инвестбанктар тарабынан маалыматтык басымдын көбөйүшү дагы таасир этүүдө.
Рыноктогу баа 41–57 $ болушу мүмкүн.
Биз Багдад эмеспиз, бирок бизде тынч эмес
Эң башкы окуя жайга чейин эле болгон. Бул нефтини казып алууну кыскартуу тууралуу көз карандысыз өндүрүүчүлөдүн ОПЭК макулдашуусу.
Экинчи жарым жылдыкта туруктуулукту күткөнгө болбойт, себеби бир жагынан АКШ көп өндүрүп жаткандыктан мунай көп болсо экинчиден ОПЕКке кирбеген бир катар өлкөлөр, анын ичинде Ливан, Иран дагы кара алтынды өндүрүүнү азайтпай келишет. Экинчи жагынан алганда Венесуэладагы экономикалык кризис бул өлкөдөгү мунайдын казылып алуусунун кыскаруусуна алып келген. Ошентип, рынокко бир-бирине каршы келген факторлор таасирин берет жана жылдын акырына чейин баа туруксуз бойдон кала берет.
Жалпылап айтканда жаман эмес
Июндун ортосунан тарта суроо талап жана сунуш баланска түшүп, кийинки жылдын башында баалар турукташа баштайт.
Жалпылап айтканда, учурда жыл башына жана ортосуна салыштырмалуу мунай базарындагы абал көңүл кубантарлык. Анын үстүнө жылдын акырына чейин баанын жогорулашынын мүмкүнчүлүгү аз. Күздү ортолоп барып Brentтин баррели 55$ болсо, жылдын акырында 60$га жакындашы ыктымал.