• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Бийлик аймактарды өнүктүрүү үчүн ресурстарды жана донорлорду мобилизациялоодо

img_2548

👁 1,784

Өкмөт “Кепилдик фондунун” курамына КРнын Улуттук банкынын кирүүсү менен анын уставдык капиталын 650 млн сомго көбөйтүүнү көздөөдө . Муну менен өкмөт аймактарды өнүктүрүү программасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн күрөөсү жетишсиз болсо дагы каржы ресурстары жеткиликтүү болуусун көздөөдө.

“Биз 2022-жылга чейин аймактарды өнүктүрүү саясаты концепциясын кабыл алганбыз, анда 20 пилоттук шаардын алкагында өнүгүү борборлорун түзүү каралган. Приоритеттүү багыттар катары агро өнөр жай комплекси, кайра иштетүү өнөр жайы, туризм жана соода тандалып алынган. Быйыл биз аймактарды өнүктүрүү үчүн системдүү өзгөрүүлөрдүн фундаментин түзүүбүз керек. Биз Кепилдик фондун жети облуста жаңы өндүрүш ачууга багытталган долбоорлорго басым жасоого чакыруудабыз”,-деди аймактарды өнүктүрүүгө багытталган жыйын учурунда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан сырткары өкмөт аймактардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Ысык-Көл облусунда туристтик, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда тигүүчү, ал эми башка облустарда айыл-чарба кластерлерин түзүүнү пландоодо. Мындай кадамдары менен бийлик жакынкы аралыкта биринчи жыйынтыктарды алууну күтүүдө.

Кепилдик фонду эмне иш кылды?

Бир жарым жылдан бери иштеп жаткан Кепилдик фонду өлкө боюнча 63 млн сом суммасында 22 экспорттук долбоорлорду колдоп, 500 жумушчу орун түзгөн жана 440 кепилдик берген.
“Кепилдик фонд” ААКсынын төрагасы Малик Абакировдун айтымында, бекитилген кепилдиктер чакан жана орто бизнес үчүн 45%, ири өндүрүш үчүн 15% болгон. Былтыркы жылы уюмдун таза кирешеси 12 млн сомдон ашуун болгон. Абакировдун пикиринде, “Бир район-бир ишкана” программасы аркылуу 15 ишкананын түзүлгөнү фонддун жетишкендиктеринин бири катары саналат.

Япондор аймактарга салым кошууга даяр

Бул программа бир нече жылдан бери Ысык-Көл облусунда ийгиликтүү ишке ашып жаткан “Бир айыл-бир өнүм” долбооруна окшоп кетет. Учурда “Бир айыл-бир өнүм” ассоциациясы кийизден сувенир жасаган, бал, кыям, шире өндүргөн 2 миңден ашуун адамдардын башын бириктирип турат.

Япониянын долбоорунун алкагында айылдарда жумушчу орундар түзүлүп, уникалдуу чакан ишканалар ачылууда. Бул товарлар эбак эле Ысык-Көл облусунун бренди болуп калган, жада калса Японияга, АКШга жана Европага экспорттолот.

Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлү Казухико Кикучинин айтымында, япониялыктарга кыргыздын ак балы өтө жагат. Ысык-Көл облусунда гана эмес, Токтогул жана Чоң-Алай районундагылар дагы ак бал өндүрүүгө өтүштү. Бирок киреше табууну көздөгөндөр, өзгөчө Кытайдан жана Өзбекстандан алынып келинген ар түрдүү кошулмаларды колдонуп башташат эмеспи. Былтыр кыргыз балынын курамында антибиотиктердин көлөмү көп болуп, аны алуудан баш тарткан учурлар кездешкен.

Ошондуктан эгерде “Бир айыл-бир өнүм” ассоциациясы ишин өлкөнүн башка аймактарында дагы жайылта турган болсо, анда япониялык стандарттарды катуу карманышы керек. Себеби бал бизде эле өндүрүлбөйт, ошондуктан марканы кармап туруу зарыл.

Ат-Башы малайзиялыктарды кызыктыра алабы?

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши Кытай менен болгон соода алакасына терс таасирин тийгизди. Арзан кытай товарларын сатып жан баккан дүңүнөн товар саткан базарларда иш жакшы жүрбөй калды. Бир эле Ош облусунун Кара-Суу базарында кыргыз-өзбек чек арасы ачылганда жандануу байкалды. Бийликтегилерге өтө катуу жарнамаланып жаткан чек арага жакын жайгашкан Казакстандын «Хоргос» соода комплекси тынчтык бербей келет.

Ошондуктан Абылгазиевдин өкмөтү Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кытай чек арасынан алыс эмес аймактагы 200 гектар жерге соода-логистикалык борборун курууну пландоодо. Бул биринчиден, аймактын өнүгүүсүнө жол ачса, экинчиден, Кытай менен болгон соода алакасы жаңы баскычка чыкмак.

Балким бул долбоорду ишке ашыруу үчүн өкмөт “Дордой” базарынын ээси, ат башылык Аскар Салымбековду тартышы мүмкүн. Себеби өлкөдөгү байлардын бири азырынча жердештерин эч нерсе менен кубанта элек. Кичи мекенинде ал болгону аттын башынан эстелик орнотуп, ресторан гана ачкан.
Эгерде долбоор ийгиликтүү ишке аша турган болсо 3 миңден ашуун жумушчу орун курулат. Өкмөт жумушчу топ түздү, ал техникалык-экономикалык негиздеме иштеп чыгып, инвесторлорду тартат. Алгач эле бул долбоорго малайзиялыктарды тартууга аракет кылышты. Куала-Лумпурда Кыргызстандын Малайзиядагы дипломаттары малайзиялык корпорациялар үчүн өлкөнүн инвестициялык потенциалы тууралуу презентацияларды өткөрүп, Ат-Башыдагы долбоорго басым жасашкан.

Талант КУБАТ

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости