• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Бишкектиктер абанын булгануусу боюнча нааразы болушууда

????????????????????????????????????

👁 788

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек шаардык ЖЭБинин абаны булгоосун төмөндөтүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевге Бишкек шаарынын ЖЭБинин абага гүлдү жана катуу бөлүкчөлөрдү бөлүп чыгаруусун төмөндөтүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Өкмөт башчы белгилегендей, акыркы кездерде борбордун тургундары Бишкектеги абанын булгануусу боюнча адилеттүү сын билдирүүдө. Буга байланыштуу абалды өзгөртүү үчүн тийиштүү чараларды кабыл алуу зарыл.
«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК маалыматына ылайык, «Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу алкагында түтүн газдарын тазалоочу жаңы блоктор курулган. Тазалоо эки камералуу жана беш тазалоочу талаасы бар электрофильтрдин жардамы, ошондой эле өлкө боюнча аналогу жок түтүн газдарын күкүрттөн тазалоочу тутумдун эсебинен жүргүзүлөт. Мында түтүн газдарын катуу бөлүкчөлөрдөн 99%га тазаласа, күкүрт кычкылынан 97%га дейре тазалайт.

Түтүн газдарынан тазалоо тутуму эл аралык стандарттарга шайкеш долбоорлонгон. Эски үлгүдөгү буу казан агрегаттарына түтүн газдарын катуу бөлүкчөлөрдөн тазалоочу электр фильтрлери орнотулган.

2017-жыл үчүн электрофильтрлердин пайдалуу коэффициентинин орточо көрсөткүчү кичи от казан агрегаттарында – 87% чейин (1961–1968-жылдары ишке киргизилген) жана чоң от казан агрегаттарында 93% чейин (1970–1989-жылдары ишке киргизилген) көрсөкүчтү түзгөн. Ошол эле учурда эски от казан агрегаттарында даярдоочу завод тарабынан түтүн газдарын күкүрттөн тазалоочу тутуму каралган эмес.

Айбек Калиев маалымдагандай, эски от казан агрегаттарынын абага бөлүп чыгарууларын төмөндөтүү үчүн тийиштүү иликтөөлөрдү жүргүзүү жана курулуш-монтаждоо иштерин өткөрүү менен түтүн газдарын кошумча тазалоо боюнча долбоор иштеп чыгуу зарыл.

Белгилесек, абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууну төмөндөтүү максатында 2017-жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын муктаждыгы үчүн автобустарды алууну каржылоону уюштуруу жөнүндө меморандумга кол коюлган. Жаңы автобустар 2018-жылдын экинчи кварталында алынып келинет.

Премьер-министр Сапар Исаков белгилегендей, аталган долбоордун өзгөчөлүгү – алынган автобустар газ аркылуу жүрөт.

«Жасалган кадамдар Бишкек шаарынын экологиялык абалын бир кыйла жакшыртууга мүмкүндүк түзөт», — деди өкмөт башчы.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости