Эске сала кетсек, эконом-класстагы үйлөрдү куруу 2017-жылдын сентябрь айында башталган. Нарында 60 батир, Бишкекте 135 батир курулат. Каалоочулар үйлөрдү биринчи төлөмүн бербей эле 15 жылга 8% жылдык үстөгү менен ала алышат.
Нарында үй 2018-жылдын ноябрь айында, ал эми Бишкекте 2019-жылдын биринчи кварталында колдонууга берилери күтүлүүдө. Нарындагы үйдүн фундаменти куюлуп, жер төлөсү салынып бүттү.
Эң башкысы батирлер толугу менен, тактап айтканда ичи дагы жасалгаланат, демек келечектеги батир ээлери үйдүн ичин оңдойм жеп убара болушпайт.