Бишкекте 5–7-март күндөрү Бишкекте «Made in Uzbekistan» деп аталган Өзбекстандын өнөр-жай товарларынын көргөзмөсү болот. Бул тууралуу «Өзэкспоборбор» билдиргенин Кабар жазып чыкты.
Иш-чаранын негизги максаты – кызматташууну мындан ары дагы жакшыртууга жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы бизнес-өнөктөштүктү жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
Көргөзмөдө электротехника, жеңил өнөр-жай, жибек өнөр-жай, тери иштетүү, химия, мунай жана газ, фармацевтика, курулуш материалдары, вино-арак өнөр-жайы, тамак-аш өнөр-жайы, металлургиялык өнөр-жай, тоо металлургиясы, туризмди өнүктүрүү жана туристтик кызматтар тармагындагы ишканалардын жана фирмалардын катышуусу күтүлүүдө.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода айлануу 2017-жылдын январь-сентябрь айларында 231,1 млн долларды түзгөн. Бул көрсөткүч 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 60 пайызга жогору.
Кыргызстан жана Өзбекстан соода айлануунун көлөмүн жылына 500 млн долларга жеткирүүнү көздөөдө.