• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Бишкекте кыргыз-грузин өкмөттөр аралык комиссиясынын экинчи кеңешмесин өткөрүү зарыл

sab_5548

👁 724

Премьер-министр Сапар Исаков 23-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу алкагында Грузиянын Премьер-министри Георгий Квирикашвили менен жолукту.

Өкмөт башчы Кыргызстан Грузия менен достук мамилелерин мындан ары карай өнүктүрүүгө өзгөчө маани бере тургандыгын белгиледи.

Мындан тышкары соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү максатында Сапар Исаков жакынкы арада Бишкек шаарында кыргыз-грузин өкмөттөр аралык комиссиясынын экинчи кеңешмесин өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Грузиянын Премьер-министри эки өлкөнүн соода-экономикалык жүгүртүүнү, маданият аралык байланышты кеңейтүүдө чоң мүмкүндүктөрү бардыгын, ошондой эле КР Өкмөтүнүн реформа өткөрүү, анын ичинде санариптик трансформация жүргүзүү жаатындагы күч-аракетин белгиледи.

Өкмөт башчы азыркы тапта өлкөдө 2040-жылга чейинки Өнүгүү стратегиясынын үстүндө иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Өкмөт башчы Грузия тарапты «Ачык өкмөт өнөктөштүгүнүн» (OGP) төрагалыгын ийгиликтүү кабыл алуусу менен куттуктап жана Грузия өзүнүн тажрыйбасына таянып ачык-айкындык жана күчтүү демократия үчүн күрөшкөн глобалдык кыймылдын ишмердүүлүгүнө маанилүү салым кошооруна ишеним билдирди.

Премьер-министр Кыргызстан Борбордук Азиядагы «Ачык өкмөт» эл аралык өнөктөштүк программасына кошулган алгачкы өлкө болгондугун баса белгилеп кетти.

Буга катар эки өлкөнүн маданият аралык катнашын жөнгө салуу максатында Сапар Исаков Георгий Квирикашвилини жана Грузиянын спорттук делегациясын 2018-жылдын сентябрь айында өтүүчү Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости