• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Бишкекте ичүүчү сууга 5,38 тыйын төлөнөт

img

👁 1,000

Бүгүнкү күндө ичүүчү сууга болгон тариф өздүк наркынан 3–4 эсеге төмөн, ага байланыштуу аны 80% чейин жогорулатуу керектигин маалымат жыйындын жүрүшүндө өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев айтып чыкты. Анын айтымында, 0,5–1,5 литр бөтөлкөдөгү суунун наркы 15тен 25 сомго чейин турат, ошол эле мезгилде Бишкекте ичүүчү суунун 1 кубометри (1000 литр) 5 сом 38 тыйын, айыл жергесинде 3 сомдон жогору.
Аскарбек Токтошев : “Суунун өздүк наркы кызмат көрсөтүү, кармоо жана аны калкка жеткирүү менен бирге кеткен чыгымдар менен чогу каралган. Тариф жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан коюлат жана тарифти жогорулатуу саясатын жүргүзүү алардын кызыкчылыгында эмес”.

Ошондой эле Кыргызстандын калк жайгашкан пункттарын 2026-жылга чейин ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча өнүктүрүү Стратегиясынын алкагында өлкөнүн бардык жашоочуларына суу эсептегичин орнотуу милдеттендирилет. Мындай чара калк колдонуп жаткан суунун көлөмүн жана анын берилишине жараша салыктын чогулушун көзөмөлдөй тургандыгын билдирди.

“Эсептегичтерди орнотуу өлкөнүн үч облусунда жүрүп жатат: Ош, Чүй жана Ысык-Көл, бирок бир айылдын тургундары бул чараларга каршы чыгышып, аны өз жерлеринин жаратылыш байлыгы үчүн төлөбөй тургандыктары менен түшүндүрүшкөн”, — деп билдирди Токтошев.

Ал түшүндүргөндөй, абоненттер өздөрү колдонгон суунун көлөмү үчүн гана көрсөтүлгөн сумманы төлөй башташат. Алсак, анын маалыматында, жер үйлөрдө суткасына орточо эсеп менен бир үй-бүлө 35 литрге жакын суу колдонот, ал эми көп кабаттуу үйлөрдө 325 литрге чейин. Ага байланыштуу бүгүнкү күндө калк колдонгон сууну каттоого алуу зарылдыгы турат.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости