Каржы министрлиги Дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алууларынын потенциалын арттыруу” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө 2018–2022-жылдарга мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү программасынын долбоору иштеп чыкты.
Бишкекте 2018-жылдын 15-февралында Дүйнөлүк банктын жогоруда аталган долбоорунун жабылышына арналган тегерек стол өтөт. Ага Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин жетекчилиги, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар айым, министрликтердин, ведомстволордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.
Белгилей кетсек, 2018–2022-жылдарга мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү программасынын иштелип чыккан долбоорунда мамлекеттик сатып алуулар боюнча ченемдик-укуктук базаны, электрондук сатып алууларды өнүктүрүүнүн негизги багыттары, сатып алуулар боюнча адистердин кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатуу жана Мамлекеттик сатып алуулар департаментин институционалдык өнүктүрүү белгиленген. Азыркы убакта Программанын долбоору макулдашуу баскычында турат.
Андан тышкары, Дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алууларынын потенциалын арттыруу” долбоорун ишке ашыруунун алкагында бир катар иш-чаралар аткарылды, атап айтканда, сатып алуулар боюнча адистерди сертификаттоонун жаңы системасын жакшыртуу максатында тестирлөөнүн жана сертификаттарды генерациялоонун бирдиктүү маалыматтык системасы, ошондой эле республикада жүргүзүлгөн сатып алуулар боюнча статистикалык жана аналитикалык маалыматтарды алуу үчүн мамлекеттик сатып алуулардын эффективдүүлүгүнүн индикаторлору иштелип чыкты.