Ноябрдын башында Бишкектеги Автомаш-Радиатор заводунда «Беларус» тракторун жыйнай турган жыйноочу цех салтанаттуу түрдө ачылды. Чогултуу иштерин – баардыгына белгилүү айыл чарба техникаларын өндүрүүчү «Минск трактор заводу» ААК жүргүзөт. Цехтин аянты – 2000 кв. метрден ашык.
Жылына 5000ге чейин трактор чыгаруу пландаштырылууда жана алар Кыргызстандын сыртына экспорттолуп, ички рынокко да сунушталат. Бирок 2017–2018-жылдарга карата пландар анча чоң эмес: 1000ге жакын машина чыгарылат.
Бул Кыргызстан үчүн өтө жакшы жаңылык. Бир гана бюджетке акча түшпөстөн, жаңы жумуш орундары да түзүлөт. Мындан тышкары бул чет элдик инвесторлорго Кыргызстан – чогултуу өндүрүшү үчүн ыңгайлуу жай экендигин далилдей турган көп эмес долбоорлордун бири.
ЭКОНОМИКА Айыл чарба жана Экономика министрликтери Россия-Кыргыз фонду жана жергиликтүү банктар менен тезирээк айыл чарба өндүрүшчүлөрү үчүн бул тракторлорго лизингдик программа ачышы керек деп эсептейт. Эгер жергиликтүү ишкерлер бул машиналарды сатып алуу үчүн сом менен пайызы жогору эмес кредит же аларды сом түрүндө лизинге алышса эң сонун болот эле.