Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо үчүн Кытайдын Эксимбанкынан алынган жеңилдетилген насыянын негизги карызын төлөө 2024-жылы башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында мурдагы Финансы министри Ольга Лаврова билдирди.
Анын айтымында, насыяны төлөө мөөнөтүнө ылайык пайыздык өлчөмдөр дароо төлөнүп баштайт.
Ал эми карыз 11 жылдан кийин төлөнөт. Ошондо 2013-жылы алынган насыя 2024-жылы төлөнүп баштайт.
Депутат Максат Сабиров Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору аяктап, насыядан каражат калып-калбанына кызыкты.
Мамлекеттик Экотехиспекциясынын башчысы Канатбек Муратбеков долбоор аяктаганын, химиялык жана суу тазалоо цехтеринин курулуштары калганын айтты. Бирок бул курулуш модернизациялоо долбооруна кирген эмес.
«Электр станциялары» ААКнын директорунун биринчи орун басары Таалай Бектеновдун айтымында, учурда насыядан калган каражаттын суммасы 25,5 млн долларды түзөт.
Андан 6 млн доллар химиялык суу тазалоону курууга кетсе, калганы ЖЭБди колдонууга бергенге чейин кепилдик катары калат.