Жогорку Кеӊеш 10-майдагы жыйынында Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана анын кесепеттерин жоюу чараларын жүрүшүн, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иликтөө жыйынтыгы тууралуу маалыматы угулду. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, мурдагы өкмөт башчылары, дагы башка чакырылган тараптар катышты.
Депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов 2018-жылдын 2-февралында Бишкек ЖЭБинде авария болуп, анын кесепетин жоюу чаралары 3–5 күнгө чейин созулганын, анын аркасы менен өлкөнүн энергетика тармагында орун алган кемчиликтер ачыкка чыкканын белгиледи. «Авария Бишкек ЖЭБдин реконструкцияланбаган жагында болду. 2015-жылы оӊдоо иштерине 417 млн сом, 2016-жылы 472 млн сом, 2017-жылы каралганына карабастан, ал жерде оӊдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Каражаттын кайда жумшалганын тиешелүү органдар кылдат текшерүү жүргүзүшү керек», — деди ал.
Суроо-жооп маалында бир катар эл өкүлдөрү Бишкек ЖЭБиндеги болгон окуя жана аны модернизациялоого багытталган каражаттын сарпталышы баардык мамлекеттик мекеме жетекчилерине чоң сабак болушу керектигин белгилешти. Ошону менен катар бүгүнкү күндө талкууланып жаткан маселе боюнча 4 кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жаткандыгы айтылды.
Жыйын жүрүшүндө депутат Акылбек Жамангулов өлкөбүз үчүн 386 млн доллар көп акча экенинине токтолду. Эл өкүлү бул каражатты – 19 млн АКШ доллары административдик иштерге, 12 млн АКШ доллары транспорттук чыгымдарга, демонтаж иштерине 20 млн АКШ доллары, көзөмөл иштерине 8 млн АКШ доллары жана башка каражаттарды чечмелеп, мындай чыгымдар күмөндүү ойлорду жаратаарын белгиледи.
Мындан сырткары, кытайдын ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишимдеги айрым жагдайлар, ЖЭБди модернизациялоонун технкалык-экономикалык негиздемесинин болуп-болбогондугу сыяктуу бир катар суроолорго жооптор алынды.
Суроо –жооп кийинки аптадагы Жогорку Кеңештин жыйынында уланмай болду.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 2018-жылдын 2-февралындагы жыйынында Өкмөттүн Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чугуу себептери жана анын кесепеттерин жоюу жаатында маалыматы угулуп, анын жыйынтыгында курамы 12 депутаттан турган комиссия түзүлгөн: Улан Примов (комиссиянын төрагасы), Данияр Аттокуров, Аалы Карашев, Аида Касымалиева (КСДП), Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов («Республика — Ата Журт»), Умбеталы Кыдыралиев, Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов («Кыргызстан»), Исхак Масалиев («Өнүгүү – Прогресс»), Мыктыбек Абдылдаев («Бир Бол»), Сайдулла Нышанов («Ата Мекен»).