Бишкек шаардык кеңеши жана Пекин шаарынын эл өкүлдөр жыйыны кызматташуу тууралуу протоколго кол коюшту. Документке 2002-жылдын 24-июлда кол коюлган коңшулук, достук жана кызматташтык тууралуу Келишимдин негизинде, ич ара кызматташууну бекемдөө үчүн кол коюлду.
Ага ылайык, тараптар Бишкек жана Пекин шаарларынын ортосундагы достук мамилени чыңдап, билим берүү, жергиликтүү администрацияларды башкаруу, маданият, дене тарбия, санитария, туризм жана экологиялык илимдер, техника жана башка 45 тармактар боюнча кызматташуу жүрөт. Ошондой эле мыйзам чыгаруу тармагында маалымат алмашуу дагы жүрмөкчү.