• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Бишкек жана Ошто «Таза Жашоо» акциясы старт алды

28279257_1950841555233076_9051792031680002465_n

👁 1,841

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев 17-мартта, «Таза Жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын борбордук аппаратынын жамааты менен биргеликте Бишкек шаарынын «Физкультурный» скверинин аймагында өткөн ишембиликке катышты.

Аскарбек Шадиев белгилегендей, үч айга жарыяланган «Таза Жашоо» кампаниясы шаардын парк аймактарын сактоого жана өнүктүрүүгө, аймактарды көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга багытталган.

Биринчи вице-премьер-министр жалпы кыргызстандыктарды аталган ыктыярдуу акцияга активдүү катышууга чакырды жана өлкөнүн ар бир жараны кийинки муунга эмне мурас калтыраарын ойлонушу керектигин белгиледи.

«Эгерде ар-бирибиз өз корообуздагы тазалыктан жана тартиптен баштасак, мунун өзү чоң кадам болот. Анткени чөйрөбүздөгү кооздук жана тазалык ар-бирибизден көз-каранды. Бул өлкөгө жыл сайын туристтердин агымы келип жаткандыгына байланыштуу да өтө маанилүү. Тийиштүү түрдө, биз өлкөбүздө тазалык, ыңгайлуулук болуусу үчүн кам көрүүбүз зарыл», – деди Аскарбек Шадиев.
Белгилесек, 2018-жылдын 1-мартынан 31-майына дейре Кыргыз Өкмөтү мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ресурстарын социалдык инфраструктураны, айылдык жана шаардык объектилердин санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана өлкөнүн бардык аймактарын көрктөндүрүүгө жана ирээтке келтирүү үчүн мобилизациялоого багытталган «Таза жашоо» улуттук кампаниясын өткөрөт.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости