12-февралда Бишкекте Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны Орусияга экспорттоо маселеси талкууланды. Анда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен орусиялык “Росагромаркетинг” борбору экспорт боюнча биргелешип иштөө тууралуу келишимге кол коюшту. Ага ылайык, «Росагромаркетинг» борбору Кыргызстандан ташылган айыл чарба продукцияларын кабыл алып, андан ары Орусиянын аймактарына таратат.
Орусиянын “Росагромаркетинг” мамлекеттик ишканасы Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын дүңүнөн логистикалык борборлорунда сатууга максат коюп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди.
Анын айтымында, орусиялык компания Бишкек жан Ош шаарларына эки чоң логистикалык борбор курат. Буга кыргыз тараптан өнөктөш болууга ишкерлерди чакырат.